КҮНСЕРЕП: Атамбаев "кайтып келем" деди

Бүгүн, 23-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кечээ КСДП Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербург шаарына каза болгон жеңесин акыркы сапарга узатуу зыйнатына барарын, андан ары Москвага барып Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясына катышарын кабарлаган. Партия тараткан маалыматта экс-президент Орусияда 22-27-октябрь күндөрү болору, 28-октябрда Бишкекке кайтары айтылды. Бул маалымат жарыяланган соң социалдык тармактарда бирөөлөрдү жамандап, бирөөлөрдү мактоо менен жан баккан топтор Илмиянов кармалган соң Алмазбек Атамбаев качты, өлкөгө кайтпайт, себеби келсе камалат” деген өңдүү талкууларды башташты. Мындай пикирлерге каршы чыгып, “кача турган мүнөздөгү адам эмес” деп тартышкандар да болду.

Бир нече сааттан кийин Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев бөлүшкөн сүрөттөр бул талкууларды күчөттү. Түлеевдин жазганына караганда, ал мурдагы президент Атамбаев менен чогуу учуп калган. Көп өтпөй экс-мэр бир аз мурда эле сындап жаткан экс-президент менен түшкөн селфи сүрөтүн жарыялады. Дал ушул селфи сүрөт талкууга жем таштап, интернет колдонуучулар “кыргыз саясаты эки жүздүү” деп сындап киришти. Түлеев экс-президент өзү келип учурашты, андан ары үч сааттан ашуун сүйлөштүк деп жар салды. “Качтыңбы?” деген суроомо ал “кайтам” деп жооп кылды” деп жазат экс-мэр. Нариман Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган. 2016-жылы мунапыстын негизинде эркиндикке чыккан.

SUPER.KG порталынын Күнсоболуна “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Атамбаев качып кетсе тирүүлөй өлүккө айлана турганын айтса, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Атамбаев келбей коёт” деген сөздү атайын жайылтып жаткандар болушу мүмкүн деген пикирин билдирди. Саясий серепчи Бакыт Бакетаев Атамбаевдин өлкөгө келбей коюшуна мамлекетти тоногондор кызыкдар экенин, ал эми жарандык активист Адил Турдукулов экс-президенттин мекенине кайтып келбешине азыркы бийлик кызыкдар экенин белгиледи.

Буга чейин май айында Атамбаев Түлеевге иштешүү тууралуу сунуш айткан деген сөздөр айрым маалымат каражаттарына чыккан. Бирок мындай маалыматты КСДП четке каккан. Мындан көп өтпөй эле партиянын басма сөз кызматы Түлеев Атамбаевден кат түрүндө бир нече жолу кечирим сурап кайрылганын билдиришип, Түлеев болсо каттагы кол жазма меники эмес деп чыккан.

"Саясатта түбөлүк достук да, түбөлүк кастык да жок, бир гана кызыкчылыктар бар" деп айтылат. Атамбаев бийликте кезинде аны кескин сындап келген саясатчы Равшан Жээнбеков экс-президент менен парламентаризмди бекемдөө кызыкчылыгында биригишим мүмкүн деп жар салган. Эзели бирикпесин айтып келе жаткан Түлеев чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Экс-президенттин тегерегинде дагы кандай кызыктуу караандар пайда болот болду экен?..

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду сотко бергени жатат. Парламент жыйынында жамактап сүйлөгөн Момбеков “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үзгүлтүккө учурап жатканын айтып, аталган комитеттин төрагасы тууралуу сөз баштаган. Анда эл өкүлү Шаршембиевдин 8 кылмыш иши бар экенин укканын айткан. “Мен жакында өлкө башчыга да, өкмөт башчыга да ушул козголгон кылмыш иштер боюнча маалыматты берем”, - деген Момбеков. Депутаттын бул айтканы бир нече маалымат каражаттарына чыккан.

Шаршембиевдин өкүлдөрү депутаттын бул сөзү чындыкка дал келбей турганын айтышып, Момбековду сотко берүүнү туура көрүшкөн. Жарыяланган маалыматтарда Бакыт Шаршембиевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилүүдө деген негизде 1 миллион сом төлөп берүүнү талап кылышат. Ошону менен катар эле Шаршембиевдин жактоочулары бул маалыматтар чындыкка дал келбейт деп таанууну соттон суранышат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы Рыскелди Момбеков айтып чыккан Бакыт Шаршембиев 8 кылмыш ишинин фигуранты деген маалымат жалган экенин кабарлады. “Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын иш өндүрүшүндө бир катар кылмыш иштери турат, алар боюнча Бакыт Шаршембиев күбө статусуна ээ, бирок эч кандай фигурант эмес. Аталган адамга карата козголгон кылмыш иши жок”, - деп билдиришти аталган кызматтан.

Момбеков Шаршембиев менен соттошууга даяр экенин билдирди. Бакыт Шаршембиев каалаган сотуна кайрылсын. Ар-намысы бар экенин жана ар-намысы ошончо акча турарын далилдеп берсин. Аны менен сотто кездешким келип жатат”, - деди депутат.

Саясатчылар арасында кадыр-баркка шек келтирди деп сотко кайрылгандар бир топ. Мисалы, 2016-жылы Өмүрбек Текебаев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан үйүнө байланыштуу маалыматтарды тараткан. Анда үй курулуп жаткан жер тилкесинин сатылышы күмөндүү деп ошол учурдагы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду айыптаган. Ошондо Ибраимов сотко кайрылган эле. Сот анын арызын канааттандырып, Текебаевди Ибраимовдун кадыр-баркына шек келтирди деп 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Атамбаев президент убагында дагы Башкы прокуратура мамлекет башчынын кадыр-баркына шек келдирди деп бир нече маалымат каражаттарынын үстүнөн арыз менен сотко кайрылып, миллион сомдоп доо коюшкан. Атамбаев бийликтен кеткенден кийин ЖМКлардан жана журналисттерден доо өндүрүп берүү арыздарынан баш тарткан.

Жээнбековдун тушунда дагы кадыр-барктар миллиондоп өлчөнөбү, аны Шаршембиевдин сотко арызы көрсөтөт...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан