Чемпиондор Лигасы: Криштиану Роналду "Ювентус" менен мурдагы клубун утуп алды

24-октябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү мелдеш - Чемпиондор Лигасынын 3-туру старт алды. Анда оюн талаасында 4 тайпадагы 16 команданын беттеши орун алды.

Анда англиялык "Манчестер Юнайтед" өз талаасында италиялык "Ювентусту" кабыл алып, жеңилүү ызасын тартып калды. Ошондой эле испаниялык "Реал Мадрид" "Виктория Пльзень" командасын кабыл алып, 2:1 эсеби менен утуп алды.

"Манчестер Юнайтед" (Англия) - "Ювентус" (Италия)

Манчестер шаарындагы Олд Траффорд стадионунда жергиликтүү "Манчестер Юнайтед" италиялык "Ювентусту" кабыл алды. Беттеш 0:1 эсеби менен жыйынтыкталып, "Ювентус" футболдук клубу жеңишке жетти. Эсеп санын 17-мүнөттө Пауло Дибала ачты. Криштиану Роналду чыгарган топко Куадрадо жетип топту Дибалага өткөрүп берди, Дибала дароо сокку узатып Де Хеага тосуп алганга мүмкүнчүлүк берген жок. "Манчестер Юнайтед" мындан улам чабуулдарын жасап, эсепти тең кылганга аракеттенгени менен ийгиликтүү боло алган жок.

Айта кетсек, бул беттеште "Манчестер Юнайтед" клубунун күйөрмандары Криштиану Роналдуну жылуу тосуп алышты. Күйөрмандар Роналдунун сүрөтү түшүрүлгөн моюн орогучун оронуп, Роналду топко тийген сайын кыйкырыктар менен тосуп алып жатты. Криштиану Роналду 2003-2009-жылдары "Манчестер Юнайтед" клубунда ойногон.

"Манчестер Юнайтед" - "Ювентус" - 0:1

Голдор: Пауло Дибала (17-мүнөт)

"Реал Мадрид" (Испания) - "Виктория Пльзень" (Чехия)

Испаниянын Мадрид шаарында жергиликтүү "Реал Мадрид" өз талаасында чехиялык "Викторияны" кабыл алды. Сантьяго Бернабеу стадионунда орун алган беттеш 2:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Беттештин 11-мүнөтүндө "Реалдын" оюнчулары ылдамдык менен чабуулга чыгып, жыйынтыгында Карим Бензема эсеп санын ачты. 55-мүнөттө "Реал Мадрид" Марселонун голу менен эсепти 2:0гө айлантса, "Виктория" 78-мүнөттө Патрик Грошковскийдин голу менен жооп берди. Муну менен беттеш 2:1 эсебинде "Реалдын" жеңиши менен аяктады.

"Реал Мадрид" - "Виктория Пльзень" - 2:1

Голдор: Карим Бензема (11-мүнөт), Марсело (55-мүнөт) - Патрик Грошковский (78-мүнөт).

"Рома" (Италия) - "ЦСКА" (Орусия)

Италиянын борборунда жергиликтүү "Рома" орусиялык "ЦСКА" футболдук клубун тосуп алды. Олимпико стадионунда орун алган беттеш "Романын" 3:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Эсеп саны 30-мүнөттө ачылды, анда Пеллегрини коргоочуну алдап өтүп, топту Эдин Жекого өткөрүп берди. Жеко ачык дарбазага топту киргизип эсепти 1:0 кылды. 43-мүнөттө Жеко экинчи голун киргизгенге жетишти. Эль Шаарави Жекого пас узатып, Жеко кубаттуу соккусу менен топту дарбазага киргизди. "Рома" чабуулдарын токтотпой 51-мүнөттө Жеко айып аянтчанын ичинде топту кабыл алып, Женгиз Ундерге топту чыгарып берди. Ундер таамай сокку узатып эсеп санын 3:0 кылды.

"Рома" - "ЦСКА" - 3:0

Голдор: Эдин Жеко (30, 43-мүнөт), Женгиз Ундер (51-мүнөт).

Хоффенхайм (Германия) - Лион (Франция) - 3:3

АЕК (Греция) - Бавария (Германия) - 0:2

Шахтёр (Украина) - Манчестер Сити (Англия) - 0:3

Аякс (Голландия) - Бенфика (Португалия) - 1:0

Янг Бойз (Швейцария) - Валенсия (Испания) - 1:1

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2018-10-24 21:09:36
реал аран эле женди суйролуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан