ИИМ: "Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип кармалгандардын бири Орусияда"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмышка шектелгендердин бири Заур Насруллаев Орусияда. Аны Кыргыз жерине алып келүү боюнча иштер улантылып жатканын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов министрликтин 24-октябрдагы жыйынында билдирди.

"Бул окуя боюнча кылмышка шектүүлөрдүн баары кармалган. Бири учурда Орусиянын абак жайында кармалууда. Аны Кыргыз жерине өткөрүү боюнча бир катар иш-аракеттер жүрүүдө, жакында алынып келет", - деди ал.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү Бишкектеги үйүнөн белгисиз адамдар атып кетишкен. Факты боюнча кылмыш иши ачылып, анын негизинде шектүү катары 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын Э.Осмонкулов аттуу тургуну кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүү кармалган учурда анын жанынан Салянов атылган "Макаров" тапанчасы 17 огу менен табылган.
Кийин аталган кылмышка шектүү катары Орусиядан дагы эки адам кармалган. Иштин материалдары сотко өткөрүлүп берилип, Биринчи Май райондук соту тарабынан каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан