Жогорку Кеңештин жыйынында 24 депутат отурат. Учурда акыйкатчы Токон Мамытов 2016-2017-жылдары жасаган иштер боюнча маалымат берип, суроо-жооп уланууда.
Таблодо жыйынга катталган депутаттардын саны 81 болгону менен иш жүзүндө 4 эсе аз эл өкүлү отурат. Ал эми депутаттардын суроолоруна жооп берүү үчүн өкмөттүн 38 өкүлү жыйынга катышууда. Маанилүү маселе каралып жатканда эл өкүлдөрүнүн аз катышып жатканын депутат Исхак Масалиев да эске салды.
Эрежеге ылайык, депутаттардын жарымынан көбү каттоодон өткөндө гана маселелер каралышы керек.