КҮНСЕРЕП: Сырдуу Илмияновдун кылмыш ишин да сыр чүмкөдү

Бүгүн, 25-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен аймактарды кыдырып жүргөн активисттерди кабыл алды. Алар бул жолугушуу Өмүркуловдун Ак Үйдүн 7-кабатындагы иш бөлмөсүндө өткөнүн далилдеген сүрөттү интернетке таратышты. Жолугушууда фракция лидери эмне деп сүйлөгөнү, аталган ураанды колдогон же колдобогону тууралуу расмий маалымат таратыла элек. Өмүркулов өзү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

КСДП партиясы бул жолугушуу тууралуу позициясын билдирди. "Партиянын айланасында учурда болуп жаткан процесстер КСДПнын катарында ар дайым саткындар жана уйгактар болгонун көрсөтүүдө. Партияны бөлүп жарууга кызыкдар күчтөр бар", - дешти КСДПдан. "Саткындардын" жана "уйгактардын" аты-жөнү айтылбаганы менен ал сөз кимдерге багытталганы түшүнүктүү болуп калды. Партиянын лидери Алмазбек Атамбаев ушул аптанын башында Орусияга жеке жана партиялык иштер менен кеткени белгилүү. Андыктан мындай аракеттерге экс-президенттин өзү кандай реакция кылып жатканы азырынча белгисиз.

Өткөн жылы SUPER.KG порталынын Түз эфиринде болгон Иса Өмүркулов өзүн "Кыргызстан социал-демократтар партиясынын" түптөөчүлөрүнүн бири катары сыпаттаган. Ошол мезгилде бийликтин айрым оппоненттери "президенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаевди көбү таштай качат, жанында ысык-суукту бирге көргөн Өмүркуловго окшогон саналуулары гана калат" дешкен. Ушундай сындуу комментарийлерге фракция лидери КСДП чапкан жолдон чыгууну ойлоно электигин билдирген эле. Иса Өмүркулов бул партия менен бирге Бакиевдин үй-бүлөлүк режимине каршы күрөшүп, 2010-жылы 7-Апрель окуясынан кийин Бишкек мэрлигине келген. 2013-жылы Дайыр Асанов атындагы Жеӊиш сейил багынын аймагын азайтып салуу боюнча Иса Өмүркуловго жана мэриянын бир нече кызматкерине кылмыш иши ачылган. Өмүркуловго сейил бактын чек арасын аныктоодо жер мыйзамын бузган деген айып тагылган. Бирок кийин сот Өмүркулов баштаган мэриянын аткаминерлерин актап чыгарган. Бул өз учурунда 2015-жылы парламенттик шайлоого катышууга жол ачып, учурда аталган фракциянын лидери катары саясий ишмердүүлүгүн улантууга мүмкүнчүлүк түзгөн.

Учурда КСДПнын партиясында өзүнчө, фракциясында өзүнчө бийлик өкүм сүрүп жаткандыгы белгилүү. Иса Өмүркулов ушул жылдын апрель айында резиденцияда экс-президент менен депутаттардын жолугушуусуна барган салмактуу эки эл өкүлүнүн бири болгон. Бирок ошол эле айдын аягында Жогорку Кеңеш өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, Атамбаевдин ишенген кадры Сапар Исаковду отставкага кетирүүдө КСДП фракциясынын, анын ичинде Өмүркуловдун позициясы чагылгандай тездикте өзгөрүп кеткен. Анын себебин фракция лидери: “Президент менен премьердин ортосундагы тирешүү күчөп кетти. Мен тирешүү саясатына каршымын”, - деп түшүндүргөн. Учурдагы окуялар бул адам президент менен экс-президенттин тымызын тирешинде маанилүү роль ойноп жатканын көрсөтүүдө...

Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум коррупциянын деңгээли боюнча мамлекеттердин рейтингин жарыялады. Ага ылайык, 140 өлкөнүн ичинен Кыргыз Республикасы коррупцияга эң көп малынган 32 өлкөнүн катарына кирди. Стратегиялык өнөктөшү Орусия да, коңшу Тажикстан да коррупция боюнча көрсөткүчтө ушул топто. "Эң коррупциялашкан мамлекеттерде укуктук жана өкмөттүк системдери алсыз жана жакырчылыктын деңгээли жогору, көбүнчө бул Африка, Борбор Америка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү", - деп жазылат тыянакта. Мындай жыйынтык Кыргыз жарандары үчүн көптөн бери жаңылык болбой калган. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жеткенден бери коррупция эң башкы кемчиликтердин бири болуп келе жатат. Өлкөдө коррупция адамды бала бакчадан баштап, мүрзөгө чейин коштойт. Жаңы келген ар бир президент коррупция менен күрөшөм деп убада берет, канчалаган адам "коррупция" беренеси боюнча камалат, бирок ушул залалдуу көрүнүш жоюлбайт. Мунун айынан өлкөгө ири инвесторлор келбейт, экономика жыргатып өспөйт.

Жаңы мезгилдин тарыхында коррупцияны жеңе алган мисалдар бар. Грузиянын тажрыйбасын алсак, бул өлкө 2003-жылы Коррупцияны кабылдоо индекси боюнча 176 мамлекеттин ичинен 127-орунда болсо, учурда 46-орунда турат. Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан Сингапур дагы бул багытта чоң ийгиликке жеткен. 1965-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондо, коррупциянын деңгээли өтө жогору болчу. Кардиналдуу реформалардын натыйжасында учурда Сингапур аталган индекс боюнча 6-сапта турат. Бул эки мамлекеттин мисалында коррупцияны жеңүүнүн формуласы окшош: коррупцияга каршы кечирилгис мамиле, чиновниктердин айлыктарын көтөрүү, пара алган чиновниктерди аёосуз жазалоо. Кыргыз жергесинде бул формула ишке ашырылбай келе жатат...

УКМК экс-чиновник Икрамжан Илмияновго ачылган кылмыш иши боюнча “алдамчылык” беренеси менен козголгондугунан тышкары маалымат бербей жатат. Бул жашыруундук азырынча коомчулукка түшүнүксүз.

Буга чейин Өмүрбек Бабанов, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков өӊдүү экс-премьерлерге, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Осмонбек Артыкбаев, Аскарбек Шадиев өӊдүү мурдагы чиновниктерге кылмыш иштери ачылып, Бабанов менен Шадиевден башкасы Илмиянов сыяктуу эле камакка алынып, УКМКнын тергөө абагында отурушкан кези. Алар эмне үчүн айыпталып жатканы, кайсы беренелер менен кылмыш иши ачылганы жаап-жашырылчу эмес. Икрамжан Илмияновго ачылган кылмыш ишине УКМК "жашыруун" деген гриф коюп, окуянын чоо-жайын коомчулуктан сыр тутканынан улам бул окуяны түрдүүчө жоругандар чыгууда. Мисалы, бүгүн интернетте кызыктуу жоромол пайда болду. Автору ачыкталбаган ал макалада: “Илмиянов президенттик шайлоо кампаниясы үчүн беларустук ишкерлерден 200 миӊ доллар алган, шайлоодо Жээнбековдо расмий жана көмүскө штаб иштеген, 200 миӊ доллар ошол көмүскө штаб аркылуу пайдаланылган деп белгиленет. Шайлоодон кийин кырдаал өзгөрүлүп, Илмиянов учурдагы бийликке керектүү болбой калган. Ал эми беларустук ишкерлер ал демөөрчүлүгү үчүн убада кылынган жеңилдикти ала албай, арызданышып, ошондон улам бийлик Илмияновго кылмыш ишин ачып, аны кармап келип, УКМКга ар кандай сөздөрдөн, бизнесмендерден алыс отургузуп коюуга аргасыз болду”, - деген жоромол айтылат. Бул жоромол канчалык чындыкка жакын экени азырынча белгисиз. Эгер УКМК Илмияновго ачылган кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу элге так, кеӊири түшүндүрмө бербесе, коомчулукта мындай жоромолдор күчөй берет.

Мыйзам боюнча, шайлоо кампаниялары башка өлкөлөр тарабынан каржыланбашы зарыл. Эгер андай факт далилденсе, анда шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу маселеси келип чыгат. Илмияновго каршы козголгон кылмыш ишинин жети кулпу менен бекилип жатканынын сыры ушундабы?..


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан