Сайдулла Нышанов Улукбек Кочкоровго: "Буга чейин өкмөттү сындап келдиңиз эле. Эми жакшы сөз айтасызбы?"

"Буга чейин өкмөтүн дарегине сындарды айтып келдиңиз" деп депутат Сайдулла Нышанов парламент жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына сунушталып жаткан Улукбек Кочкоровго кайрылды.

Эл өкүлү өкмөткө жылуу сөздөрдү да айтып турууну сунуштады.

"Бир жолу дагы өкмөттүн ишин жакшы дегениңизди укпадым. Эми министр болуп калсаңыз жакшы сөздөрдү айтасызбы?" - деди Нышанов.

Кочкоров өкмөттө чын эле көйгөйлөр көп экенин баса белгиледи. "Көйгөйлөр көп. Жумушту жылдыруу максатында гана сындарды айтып келебиз. Премьер-министр тарабынан мага сунуш түшкөндө "сындап отура бербей аракет кылайын, салымымды кошоюн" деп чечтим. Силер колдоп берсеңиздер аракет кылалы", - деди Кочкоров.

Өкмөт башчынын биринчи орун басары Кубатбек Боронов бүгүн, 25-октябрда министрликтерге талапкерлерди тааныштырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirkaa5182
2018-10-25 13:07:04
Улукбек Кочкоровду министрликке көрсөтүлгөнү эң туура чечим болду, азамат иштесин.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан