Бүгүн, 29-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өлкөдө жапайы айбанаттардын айрым түрлөрүн атууга 2030-жылга чейин тыюу салуу демилгеси кайра көтөрүлдү. Мыйзам долбоору эксперт, депутат, жооптуу мекемелердин өкүлдөрү катышкан парламенттик угууда талкууланды. Демилгечи депутат Эмил Токтошев жаратылышка азыркыдай кыянат мамилени токтотуу зарыл дейт. Долбоор эми парламенттин өзүндө талкууланмакчы.
Расмий маалыматка таянсак, акыркы 16 жылда өлкөдө жапайы айбанаттардын саны 2 эсе азайып кетти. Учурда республикада 52 аӊчылыкты уюштуруучу фирмалар иш жүргүзөт. Алардын ичинен бири мамлекеттик, 9у коомдук жана 42си жеке жактар. Мергенчилик кылуучу жерлердин жалпы аянты 14,4 миллион гектар. Азайып бараткан жаныбарларды коргоо жаатында айрым чечимдер да кабыл алынган. Мисалы, мурда ак илбирсти аткан адамга 500 миӊ сом айып салынса, азыр 1,5 миллион сом айып салынат. Өкмөттүк органдар акыркы 2 жылда ак илбирсти атуу фактысы катталган жок деп жатышат. Ага карабай эксперттер аӊчылык тармагы коррупциялашкан боюнча калып жатканын белгилешет. Депутаттар аӊчылык кызмат көрсөтүүсүнөн мамлекеттик казынага жарытылуу акча түшпөй, ортодо айрым адамдардын бизнесин гүлдөтүп жатканын айтып келишет. Бул тармакта ири акчалар айланары, чоӊ кызыкчылыктар бар экени жашыруун эмес. 2014-жылы белгилүү спортчу Руслан Абасов киши колдуу каза болгон. Коомчулукта анын өлүмүн аӊчылык бизнесине байланыштырып жүрүшөт. Анткени Абасов соӊку жылдарда ушул тармакта ишмердүүлүк жүргүзүп келген. Кылмышка шектүү кармала элек, ИИМдин маалыматы боюнча, ал Орусиянын аймагында жашырынып жүрөт. Кыргыз жеринде жапайы айбанаттарды атууга тыюу салуу аракети да 4 жылдан бери колдоо таппай келе жатат. 2014-жылы ал кездеги парламент депутаты Исмаил Исаков жаныбарларга мылтык кезөөгө тыюу салчу мыйзам даярдап жатканын жарыялаган, бирок аракети парламентке жеткен жок. Андыктан Исаковдун сунушунун чоо-жайы көпчүлүккө белгисиз бойдон калды. 2016-жылы депутаттар Жанар Акаев менен Эмил Токтошев айбанаттарга аӊчылык кылууга 2030-жылга чейин мораторий киргизүүнү сунушташкан. Ага ылайык, карышкыр, түлкү жана чөөдөн башка айбанаттарды атууга биротоло тыюу салынмак. Кызыл китепке кирген айбанатты аткан адам 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн эле. Бирок долбоор өкмөттөн, Жогорку Кеӊештен колдоо тапкан эмес. Сунушка каршы депутаттар менен чиновниктер "өлкө ири кирешеден ажырайт" деген өӊдүү шылтоолор менен демилгени өткөрбөй коюшкан. 2017-жылы аӊчылыкка 2025-жылга чейин тыюу салуу демилгеси сунушталып, ал да колдоо тапкан жок. Демилгени 52 депутат колдоого алса, 56 депутат каршы чыккан. Бул жолу мыйзам долбоору "айбанаттардын айрым түрлөрүн атууга тыюу салынат" деген өзгөртүү менен кайра сунушталып жатат. Кайсы айбанаттар “бактылуу тизмеге” кирип, кайсылары кирбей калды деген суроо көпчүлүктү кызыктырып турган учур. Айтылган маалыматка ылайык, 2020-жылдан 2030-жылга чейин өлкөнүн бардык аймагында аркар-кулжага, тоо эчкиге, эликке, маралга жана каманга аӊчылык кылууга тыюу салынат. Эмне үчүн тегиз эмес, ушул 5 түрү тандалып алынганы түшүнүксүз. Белгилүүсү жаныбарларды коргоочулар менен аӊчылыкты сүйгөндөрдүн тиреши кайрадан күн тартибине чыкты...
Парламенттин Бюджет жана финансы комитети 2018-жылдын 9 айында республикалык бюджет кантип аткарылганын талкуулады. Жыйында экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев өлкөдө 20 шаарды өнүктүрүүгө 2 миллиард сом жумшалганын айтат. Бирок ал суммага кайсы шаарда кандай иштер жасалганын айтып бере алган жок. 2 миллиард сом - бюджеттен аймактарды өнүктүрүүгө деп бөлүнгөн акча. Жооптуу министрликтин минтип бул суммага жасалды деп бир ишти атап бере албаганы - быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылы кантип жыйынтыкталып жатканынын күзгүсү. Соӊку кезде депутаттар "парламентке даярдыксыз келүүдө" деп өкмөт өкүлдөрүнө көп сын айтып жатышат. Мисалы, жакында парламентте Кыргыз-Казак чек арасы жөнүндө маселени кароодо чиновниктер Кыргыз-Казак чек арасынын Чүй облусуна караштуу бөлүгүнүн узундугу тууралуу 3 башка цифраны аташты. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 100 чакырым десе, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү 205 чакырым дейт. Ал эми Чүй облусунун жетекчисинин орун басары 47 чакырым деген жооп узатты. Бүгүнкү комитеттин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов "кышкысын жолго кумду кол менен чачуу биздин өлкөдө эле калды" деп өкмөттүн техникалык базасын сындады. Ошондой эле парламент комитетин тоготпой жатат, 5-жолу чакырууга келбей койду деп экономика министри Олег Панкратовго чара көрүүнү өкмөт башчыга сунушташты. Жакында эл өкүлдөрү Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Улукбек Кочкоровдун сунушталышын "өкмөттүн жалгыз позитивдүү кадамы" деп баалашты. Айтор, депутаттар өздөрү шайлаган өкмөттү көзөмөлдөй албай, ишинен оӊдуу жыйынтык таба албай убара...
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан кайтып келди. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаев жетектеген делегация толук курамда Бишкекке кайтып келгенин айтып, эми тынч уктай бергиле деген билдирүү жасады. Экс-президентин Москвадагы 6 күндүк сапары өлкөдө түрдүү жоромолдорду жаратты. Бул арада Атамбаев чет жерде Өмүрбек Бабанов жана Нариман Түлеев менен жолугушту деген сөз тарады. Атамбаевдин Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясында алдыңкы катардан эмес, экинчи катардан орун алганы да айрымдар үчүн эрмек болду...