"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысы биринчи вице-премьерден эки эсеге көп айлык алат

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчиси Азамат Абдыкадыров сентябрь айына 100 миң сом айлык алган. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-октябрда 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өкмөттүн даярдыгы тууралуу парламенттин жыйынында айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров компания жетекчисинин айлыгы канча экенин сурады.

"Менин айлыгым 80-90 миң сом, сентябрь айына алган айлыгым 100 миң сом болду”, - деди Абдыкадыров.

Депутат Зиядин Жамалдинов Азамат Абдыкадыров эки башка жоопту айтып жатканын айтты.

“Мен буга чейин айлыгын сурасам 40 миң сом деген эле, азыр сураса 80 миң сом деп, кайра сураса 100 миң сом деди. Мындай жетекчинин кызматтык жоопкерчилигин караш керек”, - деди Жамалдинов.

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчиси Азамат Абдыкадыров 30 жылдан бери ушул тармакта иштеп келе жатканын, ар бир тыйын үчүн жооп бере аларын айтты.

Ошол эле мезгилде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 42 миң сом айлык аларын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан