ЖЫЛНААМА, 26-ОКТЯБРЬ: Күйөөсүн президент кылган АКШнын белгилүү саясатчы айымы Хиллари Клинтон 71 жашка толду

АКШдагы белгилүү саясатчы айым, мурунку мамлекеттик катчы, АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун жубайы Хиллари Клинтон 71 жашка толду. Ал 1947-жылы 26-октябрда Чикаго шаарында жеке ишкердин үй-бүлөсүндө туулган.

Кичинекей кезинде жылдыздарга кызыгып, астронавт болгусу келгени менен кийин саясатка ооп кеткен.

1969-1973-жылдары Йель университетинин юридика факультетинде окуган. Болочок күйөөсү, Арканзастык келбеттүү Билл Клинтон менен студенттик күндөрүнүн биринде таанышып, 1975-жылы үйлөнүшкөн. Алгач шайыр жүргөн Билл менен сүрдүү Хилларинин турмуш курганына баары таң калышкан.

Убакыт өтүп ал жолдошун таасирлүү саясатчы, жадакалса президент кыла алган. Экөөнүн Челси аттуу кызы бар.

Өзүнүн күчтүү, эрктүү экендигин күйөөсү жаш кыз менен көңүлдөш болуп кеткени ачыкка чыккандан кийин көрсөткөн. 1998-жылы АКШнын президенти Билл Клинтон Моника Левински аттуу 25 жаштагы кыз менен интимдик байланышта болгондугу ачыкка чыгып кеткенде Хиллари күйөөсүн колдоп, аны кечирген. Хиллари Клинтон 2000-2009-жылдары Нью-Йорк штатынан сенатор, 2009-2013-жылдары АКШнын Мамлекеттик катчысы болгон. 2016-жылы АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер болуп шайлоодо Дональд Трампка жеңилип калган.

Шайлоодон кийин Хиллари Клинтон өзү түзгөн "Алдыга бирге" саясий уюму аркылуу айым саясатчыларга колдоо көрсөтүп келет. Ошондой эле шайлоо алдындагы жарыш тууралуу "Эмне болду?" деген аталыштагы китеп жазып чыгарган.

26-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан