Ош шаарында 13 жаштагы кыз мектептен чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда

Ош шаарында 13 жаштагы окуучу кыз дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери кабарлады.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан Аяна Кочкорбаева 25-октябрь күнү саат 12:00 чамасында Ош шаарынын Райымбеков көчөсүндө жайгашкан №7-Нариман орто мектебинен чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

Анын өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 150-155 сантиметр, дене түзүлүшү орто, кара тору, кара каш, чачы узун, кара түстѳ. Кийген кийимдери: үстүндѳ агыш түстѳгү хиджаб, кызгылт түстѳгү чыптама, ак түстѳгү кофта, боз түстѳгү юбка, бутунда кызгылт түстѳгү кроссовка.

Эгерде сүрөттөгү кыз боюнча кандайдыр бир кабар болсо, Ош ШИИБи тѳмѳндѳгү телефондору аркылуу кабар берип коюуну өтүнөт.

Байланыш телефондору: 0 (3222) 6-55-10, 8-55-11, 0772 41 41 70, 0705 25 52 77.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан