Келиндин келгендегиси эсинде: Айнура Салахидинова тооктун басып жаткан жумурткаларын чагып салса, Кенже Дүйшеева дискотекага барган

Кыргызда күз мезгили тойлорго бай келип, бул мезгилде баш кошкон түгөйлөрдүн саны көбөйөт. Жаңы келин үчүн башка бүлөгө мүчө болуп баруу - түрдүү окуялар менен коштолорун айтып жүргөндөр четтен чыгат. Башка үйдүн ички тартиптерин өздөштүргөнгө чейин келиндерди чыдамкай болууга чакырган белгилүү ырчы айымдар баштарынан өткөн кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

Ырчы АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА: "Эртең менен эшик шыпырып жатсам айылдык балдар чабалекейдей тизилип карап отуруп алышкан"

- Мен 1990-жылы Кызыл-Кыя шаарындагы Ак-Булак айылына келин болуп бардым. 2 күндөн кийин ал кезде "Комсомолдук той" деп койчубуз, ошол тоюбуз өттү. Түштүктө жаңы келин таң эрте туруп эшик шыпырыш керек деген түшүнүгүм менен эртең менен эрте туруп короону шыпыра баштадым. Андан кийин кумганды жууйун деп арыкка чыксам, айылдагы балдар чабалекейдей тизилип алып карап отурушуптур. Ал убакта жаңы келген келиндин жүзү, келбети, кылган иши кандай деп көп сындашар эле. Жаш кез, маңдайымда тизилип отургандарды карап же күлөрүмдү билбейм же сүйлөөрүмдү билбейм, айтор, эптеп кумганымды жууп үйгө шаштым.

АЙНУРА САЛАХИДИНОВА: "Тоок басып жаткан жумурткаларды чагып салып, кайненемди таң калтыргам"

- Турмушка чыгып, Жалал-Абадда кайненем менен 3 ай жашадык. Бул убакытта көп кызыктуу окуялар болду. Жолдошум куурулган жумуртканы жакшы көрөт экен, апам жумуртка алып келип Санжарга (ред. күйөөсү) кууруп же дагы башка азык даярдап бер дечү. Бир күнү өзүм эле жумуртканы алып келип кууруйун деп сарайга кирсем, уяда тим эле көп жумуртка турат. Кубанып алып келип, түшкү тамакка пияз менен аралаштырып кууруйун деп чаксам өңү бир аз башкача, жыты да башкачадай сезилди. Арты артынан чаксам ошондой болуп чыгат, таң калып койгом.

Кийин апам келгенде "Сиз бир, экиден эле жумуртка алып келесиз, мен сарайдан толтура жумуртка таап чыктым" десем, апам таң калып эле туруп калды. Көрсө, ал тоок басып жаткан жумуртка экен. Басканына аз эле күн болсо керек, көп деле өзгөргөн эмес экен. Апам күлүп эле "бастырып койгон жумурткаларымды жайлап салыпсың" деген. Негизи келин жаңы келгенде кайнененин мамилеси чоң мааниге ээ, кайненем менин ар бир ишимди колдоп, билбегенимди үйрөтүп, жакшы сөздөрдү айтып турду. Тандырга нан жапканды, очокко палоо басканды, айтор, жумуштун баарын катыра жасаганга үйрөттү.

Күн сайын өзүмдүн апам да Бишкектен чалып, "Ай, уктаба, эрте тур, жумуш жаса, короону шыпыр" деп турат эле. Мен ансайын тура калып эле короону жолго чейин шыпырып кирем, эшиктин алды да аябай чоң, күндө таптаза турган короону эле шыпыра берем. Анан кайненем чакырып, "Балам, мындан ары жол жакты эле шыпырып кой, короону кир болгондо эле шыпырасың. Себеби бул ырчы келин жумуш жасаганды билет бекен деп сынагандар көп" деди. Апамдын бул идеясы жагып, мен күндө жол жакты мизилдетип суу сээп, шыпырып коём. Эртең менен жолдон өтүп бараткандар мени укмуш келин деп өтүшчү.

ДИЛШАТ КАНГЕЛДИЕВА: "Күйөөм троллейбус менен алып качып барган"

- Студенттик кезде азыркы күйөөм жигитим болчу. Ошондо эле мени аябай сыйлап, жанымдан чыкпай жүрчү. Бир күнү киного чакырганынан көңүлдөнбөй жаткам, курбуларым "шагын сындырба" деп мени макул кылдырып жөнөтүштү.

Жигитим менен троллейбуска отурдук. Бир кезде "мен капчыгымды унутуп коюптурмун, үйдөн алып чыгайын" деп колумдан жетелеп эле троллейбустан алып түшүп кетти. Түшкөндөн кийин бир үйдү көрсөтүп, капчыгымды алып чыгайын деди. Мен ошол жерде күтүп турайын дегениме көнбөй, "кантип ушул жерде калмак элең" деп үйүнө сүйрөп эле алып барды. Барсам баары даярданып, келиндин келишин күтүп жатышкан экен. Мындайды такыр күтпөгөн мен бутумду бирөө тушап койгондой эле ордумда турдум да, каттым.

Эсимди жыйып "азыр сыртка качып чыгам" деген ой келди. Бирок ошол жердеги элдин "келин келди" деп сүйүнүп жүргөн жүздөрүн, мени тосуп алгандагы шаан-шөөкөтүн көрүп андай кыла алган жокмун. Башыма чачыла чачып, жоолук салып, салтанат башталып кетти. Мунун баарын таштап кете алган жокмун. Жолдошум болсо мени эмне дейт деп чочуласа керек, качып кетип 3 күндөн кийин келди. Ошентип келин болуп отуруп калдым. Азыр студент жигит ошол кезде акылдуу ой жүгүрткөн экен деп коём.

Келин болгондон кийин ал үйдүн өзүнүн салтына, тартибине көнүп кеттим. Экөөбүз тең студент болгондуктан жатаканадан бөлмө берилип ошол жакка бөлүндүк. Чынында ал учурда жашоо-шартыбыз жакшы эмес болчу, бирок биз чогуу экенибизге каниет кылып жокчулукка чөкпөй, ал күндөрдү жеңил басып өттүк. Бири-бирибизге жөлөк болдук. Көпчүлүк жаш бүлөлөр ал кырдаалды сабырдуулук менен басып өтсө убакыттын өтүшү менен баары жай-жайына түшөт экен. Азыр эми экөөбүз тең искусство тармагында эмгектенип келе жатабыз.

КЕНЖЕ ДҮЙШЕЕВА: "Ырдабай буулугуп калганда дискотекага барып күйөөмдү каратып коюп чарчаганча бийлегем"

- Турмушка чыгып бир жыл үйдө эс алдым. Ага чейин гастролдоп, кызуу иштегендиктен катуу чарчаган экем, бир жыл мен үчүн аябай жакшы эс алуу болду. Ошентип турмушка чыгып үйдө отуруп, бир убакта сахнаны сагынып, буулугуп кеттим. Күйөөм аны байкап концертке алып барды, концертте 2 саат отуруп өзүм ырдап жаткандай эле, отургучта эле колдорумду кыймылдатып бийлеп, кол чаап эмоциялуу отурдум. Андан чыгып күйөөм бугуңду биротоло чыгар деп дискотекага алып барды. Ал жерде жездеңер мени күлүп эле карап отурат, мен болсо чарчаганча бийледим.

Ыраматылык кайненем болсо мени дайыма колдоп турчу. Үйдө ишти аябай бат жасайм, ага кайненем таң кала берчү. "Бат кыймылдайт экенсиң, чарчадың го, уктап алсаң" деп турар эле.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sajakat14
2018-10-26 18:03:02
Кенже эже бат кыймылдап кайненесин таң калтырыптырда да.
0
momun74
2018-10-26 18:45:45
Айнура жакшы келин болуптур азамат
+10
taalay25
2018-10-27 19:48:44
Дилшат эженин айткандары туура. Оз турмуш тажрыйбасынан коп пайдалуу нерселерди айтыптыр
+4
Aibyikem
2018-10-28 16:39:45
Кенже эженин макияжыыыы, канча кгды бир чаптаган?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан