"Замандаш" парламенттик шайлоонун саясий сезонун ачты (фото)

2020-жылы Кыргыз Республикасында парламенттик шайлоо өтөт. Буга байланыштуу бүгүн, 26-октябрда Бишкекте "Замандаш" партиясы башка саясий күчтөрдөн биринчи болуп, келечекке багытталган программасын тааныштырды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер жана өлкөдөгү белгилүү инсандар катышты.

"Замандаштын" лидери Жеңиш Молдокматовдун айтымында, партиянын “Келечек 4.0” деген аталыштагы программасынын негизги концепциясы - өнүккөн өлкөлөрдөй өнүгүү үчүн алардын үлгүсүндө мезгилден бир канча кадам алдыда болушу керек.

"Дүйнөлүк тенденцияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алып, биз “Индустрия 4.0” төртүнчү өнөр жай революциясынын негизги аспекттерин алдык. Монголияда “Хушигт” жаӊы эл аралык аэропорту курулду. Ал саатына 1100 жүргүнчү же жылына 1,7 миллион адамды тейлейт. Долбоордун баасы 298 миллион доллар... Илон Маск жана анын “SpaceX” компаниясы “Falcon Heavy” аттуу жаӊы муундун оор ракетасын космоско учурду. Бул ракета Марс планетасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Аны учуруу 90 миллион доллар турат... А бизде болсо, наркы пайыздары менен кошкондо 500 миллион долларга жеткен ЖЭБди модернизацияладык. Демек, каражат таба алат экенбиз. Маселе приоритеттүү багыттарды туура коюуда жана каражаттарды максаттуу пайдаланууда болуп жатат”, - деди Молдокматов.

Мындан тышкары ал учурда өлкө үчүн көйгөйлүү маселелерге токтолуп, аларды чечүү жолдорун сунуштады.

"Биз “Коррупция менен күрөшөбүз” дегендин ордуна, келип чыгуу себептерин жок кылышыбыз керек! Мамлекеттик органдардын алып барган ишин ачык-айкын жана тарифтерди алгылыктуу жана түшүнүктүү кылуу учуру келди.

Биз “Криминал менен күрөшөбүз” дегендин ордуна, анын негизги себептерин жок кылышыбыз шарт. Укук бузуулардын 70 пайызы экономикалык себептерден улам болот. Жарандардын негизги муктаждыктарын камсыз кылуу менен биз кылмыштуулукту 3 эсе азайта алабыз.

Дагы бир чоң маселе – бул миграция. Биз мигранттарды эки гана учурда эстейбиз. Биринчиси - мигранттар мекенине акча которуп, ИДПны көтөрүп бергенде, экинчиси - шайлоодо. Миграция бүгүнкү учурда “Улуттук трагедия” деп эсептейбиз. Миграция маселесинде мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө убакыт келди.

Кээ бир саясий партиялар "айлык маянаны, пенсияны жогорулатабыз, элдин жашоосун жакшыртабыз" деп сөз берип келишет. Бирок кантип жакшыртарын айта элек. Айрым партиялар бир канча мыйзамдарды кабыл алуу менен экономикалык бейишти түзсө болот дешет. Майда нерселерден баштап маашырланганы, анык системдүү көйгөйдү чечпейт.

Биз экономиканы КАНТИП көтөрүүнү билебиз. Биздин негизги күчүбүз – бул биздин элибиз! Өлкөбүздүн өйдөдөн-ылдыйга эмес, ылдыйдан-өйдөнү карай өнүгүп баратканын көрүүдөбүз. Биздин жарандар жакшы жашап жана өнүгүшү үчүн шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз", - деди "Замандаштын" лидери.

Иш-чаранын коноктору партиянын программасын жылуу кабыл алышты. Айрыкча, Жогорку Кеңештин депутаттары "Замандаштын" парламентке келүүгө даремети күчтүү экенин баса белгилешти.

Депутат Жанар Акаев партиянын программасында ага бир топ жаккан нерселер болгонун айтты. "Инновациялык экономика, өндүрүш, сөз эркиндиги, "эркин ой жүгүрткөн адамдардын өлкөсү" деген жакшы нерселер программада бар экен. Бирок шайлоого чейин дагы идеялар кошулат деп ойлойм. Жеңиш Молдокматов акыркы учурда саясатчы катары деңгээлге жетти деп айта албайм, бирок сүйлөгөн сөздөрү жана лидер катары калыптанышы боюнча өсүп келе жатат. "Замандаш" шайлоодо негизги атаандаш болгон 10 чакты партиянын бири болуп чыкса, жакшы болот эле. Бул партияга мүчө эмесмин, конок катары келдим. Партиянын мигранттар менен иштөө жагынан экономикалык программасы жаман эмес. Шайлоого чейин кандай команда түзөт, шайлоочуларды канчалык ынандыра алат, бул өтө маанилүү. Мага ушундай жаңы күчтөрдүн чогулуп, саясий күрөшкө чыкканы жагат. Партияга ийгилик", - деди Акаев.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов "Замандаш" бүгүнкү күндөгү экономикадагы приоритеттерди атаганын белгиледи. "Партиянын "жаңы прогрессивдүү экономиканы киргизели, жаңы заманбап технологияны киргизели" деген идеялары колдоого алына турган жана жалпы коомчулукту ынандыра турган жана шыктандыра турган программа экен. "Бизде океандар менен байланышы жок Монголиянын үлгүсү менен заманбап аэропортту куралы" деген - бул амбициялуу деле эмес, реалдуу ишке ашыра турган сунуш. Анткени бизде ЖЭБди жаңылоого 386 миллион доллар кеткен", - деди Шыкмаматов.

Экс-депутат Данияр Тербишалиев "Замандаш" партиясынын программаны тааныштыруусу жогорку деңгээлде өткөнүн айтты. "Жеңиш Молдокматов жаш болгонуна карабай жакшы, жаңы багытта, жаңы технологияларга, жаңы инновациялык багытка арналган программаны түздү. Бул ишке аша турган программа. Аны ишке ашыруу үчүн саясий эрк керек, күч керек. Молдокматовдун эрки, акылы, күчү жетет деп ойлойм. Эгер ал элдин колдоосуна ээ болуп, депутаттык мандат алса, программаны ишке ашырат деген ишеничтемин", - деди Тербишалиев.

Жалпысынан айтканда, иш-чара өзгөчө форматта өткөнү байкалды. Заманбап технологиялар, жаңы идеялар жана креативдүү чечимдер көпчүлүктүн көңүлүн бурдурбай койбойт.


кошулду
“Замандаш” партиясы парламенттик шайлоонун саясий сезонун ачты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
555-777
2018-10-26 21:44:32
Дагы эле баякы байлар бизнесмендер келишет парламентке программанар келечек4.0 эмес 100.0 болсо да Сапаш айткандай 120 олуксунор. Бул система менен онуп осуубузго такыр коз жетпейт
0
muni.98-98
2018-10-26 22:47:41
Шайлоонун сезонун ачты дебей. Карапайым элди алдап баштады десенер сонун болмок. Бул адамдар шайлоого чейин корунот. Шайланып калса, ошол бойдон кийинки шайлоодо чыга келет булуттан чыккан айга. Абдылда Иманкулов айтмакчы атанын мекениби, апанын мекениби, бутун Кыргызстанбы, жыртык Кыргызстанбы. Кимисин шайласан деле ошол эле эч нерсени сезип туйбаган эски жуздор келет. Салмагы 120 киллограммдан кем болбогон 120 жемит келет. Мекенибиздин онугушуно умутум бар! Бирок бул кетиште ишеничим калбады.
+1
muni.98-98
2018-10-26 22:55:13
muni.98-98,тушунбойм ушу партияларга. Созсуз шайлоого жакын жол ондоп, копуро салып, жакшы иш кылып калбай. Башка маалда деле партиясынын фондунан сооп иштерди жасай бербейби. Элдин турмушун жакшыртам деген адамга креслонун деле кереги жок. Партиянын фонду мынча миллион болду дешет. Ошого плакат чыгарбай жолдорду ондогула. Ушундай нерселерди ойлоп туруп делебийлике барыш учун эле жакшы иш жасап жатканын коруп журогум ооруйт. Элим деген бир да адам жоктугуна ичим ачышат. Шугур эркиндик бар!
+3
Alia82
2018-10-26 23:22:58
muni.98-98,балким ошол бир адам ушул болуп жүрбөсүн, негизи амбициялуу жаштардын бийлике кегени жакшы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан