Google компаниясы сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди кылган деген айып менен 48 кызматкерин жумуштан кетирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, аталган компаниядан 2 жыл ичинде 48 кызматкер жумуштан кеткен.
"Компанияда иштеп жаткан ар бир кызматкердин коопсуздугу биринчи орунда турат. Сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттер кылынган деген арыз түшсө аны дыкат карап, иликтеп чыгабыз. Аталган жүйө менен жумуштан кеткен кызматкерлердин бири дагы акчалай компенсация алган эмес", - деп билдирген компаниянын директору Сундар Пичаин.
Жумуштан кеткен кызматкерлердин арасында 13 топ-менеджер болгон.