Бүгүн, 27-октябрь күнү Жалал-Абадда Кыргыз милициясынын 94 жылдыгына карата Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерин эскерүү болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ЖККБнын маалымат кызматынан билдирет.
"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Төрөбай Бекбергенов кызматкерлери менен чогуу кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсү менен жолугушуп, жаркын элесине арнап куран окутту. Ошондой эле каза болгон кызматкерлердин артында калган үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүштү", - дейт маалымат катчы.
Кызмат учурунда каза болгондор:
Турсунбаев Мамасадык Атулаевич - милициянын старшинасы, 2006-жылы 10-июль күнү Жалал-Абад шаарында кызмат учурунда куралдуу террорчулардын колунан 45 жашында каза болгон;
Алымбеков Нуралы Аккозуевич - милициянын старшинасы;
Суранчиев Бактыбек Орозбаевич - милициянын майору.