Жалал-Абадда окуусуна кетип, 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы өспүрүм изделүүдө

Жалал-Абад шаарында 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда изделип жатканын баланын жакындары SUPER.KG порталына билдиришти.

"16 жаштагы Нурболот Таалайбек уулу Жалал-Абад шаарындагы дене тарбия колледжинин 1-курсунда окуйт. Ал 24-октябрь күнү саат 10:00 чамасында Барпы айылынан атасы менен жолугуп, окууга кеткен. Ошол күндөн бери дайынсыз болууда", - дейт ал.

Нурболот Таалайбек уулунун ошол күнү кийип жүргөн кийимдери: үстүндө кара түстөгү спорттук кийим, көк түстөгү жынсы шым жана кара түстөгү кроссовка.

Нурболот тууралуу маалыматты билгендер 0 (551) 40-50-02, 0 (703) 94-55-97 номуру аркылуу байланышса болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Koichuman
2018-10-28 10:38:14
Аман эсен табылып калсын жакшы кабар угалы!
+4
madina.87
2018-10-28 11:59:30
Аман эсен табылып калса экен
+3
asdef
2018-10-28 15:24:38
Тооба мне кандайдыр бир флеш моб болуп жатабы,16 жаштар жоголуп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан