2 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан 70 жаштагы Жумабек Ороскулов табылды. Мындай маалыматты анын уулу Таалай Ороскулов билдирди.
"Атам үйдөн чыккандан кийин өзүн жаман сезип, шаардагы көчөлөрдүн биринде отуруп калыптыр. Жолдон өткөн адамдар кайдыгер карабай атама жардам беришиптир. Алар "Тез жардам" кызматын чакырбай кайрымдуулук уюмуна алып барышыптыр. Атамды бүгүн, 28-октябрда ошол кайрымдуулук уюмунан таптык. Баары жакшы. Жардам бергендерге рахмат", - дейт ал.
Буга чейин 70 жаштагы Жумабек Ороскулов изделип жатканы кабарланган.