Бишкектеги түнкү клубда каза болгон 18 жаштагы студенттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Бишкектеги түнкү клубдардын биринде мушташтан каза болгон студенттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-октябрдан 28-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Бишкектеги түнкү клубдардын биринде болгон. Анда клубдун ичинде балдар арасында мушташ чыгып, 18 жаштагы студент каза болгон.

"Бул окуя боюнча 17 жаштагы М.у.А. жана 18 жаштагы О.Р. кармалды. Ал эми каза болгон жаран 18 жаштагы Б.А. болгон. Шектүүлөрдүн айтымында, алар маркумду өлтүрөлү деп ойлошкон эмес. Алар ич ара мушташып кетишип, катуу жаракаттан улам кокустан каза болду дешүүдө. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен иш козголду. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды. Ошондой эле сот бүгүн алардын баш коргоо чарасын карайт", - деди басма сөз кызматы.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Frunze2
2018-10-29 14:50:24
Сая журсо таяк жейт. Тунку клубда журушсо бир-бирине жожо короз болуп...

Ата-энелерде куноо, балдарына туура тарбия бере албаган. Эми азабын тартып отурушсун эми.....
-5
Nuri1988Elim2010
2018-10-29 14:54:29
Эмнеге а дегенде ата энеге асылуу керек.Ата эне баласын атайын ошент деп чыгарбайтго.
Ата энеге асылбай эле жазгылачы
+4
HypcylTAH
2018-10-29 14:59:49
Nuri1988Elim2010,
Кечинде ата-эне козомолдош керек. Окуудан чыктынбы? Каяктасын? Качан келесин? Уйго келген сон тундосу кочого чыгуудан козомолдош керек.
+2
Nuri1988Elim2010
2018-10-29 15:07:06
HypcylTAH,ооба козомолдош керек.Бирок а дегенде эле ата энени куноологон болбойт
+5
Nuri1988Elim2010
2018-10-29 14:58:35
Frunze2,неге дайым ата энесине шек келтиресиз.Ата эне баардык балдарына бирдей тарбия берет.Болгону ар бала ар кандай болот.Беш баланыз болсо бешоосунун кулк мунозу,тарбиясы беш башка болот.

Эгер катуу тийсе кечиресиз.
+8
Frunze2
2018-10-29 15:38:19
Nuri1988Elim2010, биринчиден ар бир ата-эне ар турдуу тарбия берет, б.а. балдарына тарбия бербеген, тарбия эмне экенин, б.а. туура тарбия беруу эмне экенин тушунбогон да ата-энелер бар.

Анан калса, мунозу ар башка болгону менен, ата-энесине соз алып келбеген жакшы балдар болушу мумкун бешоо болсо да. Баары барып тарбияга такалат. Тункусун тунку клубда тайрандап, жожо короз болуп урушкан балдардын алган тарбиялары ошолбу же?!!
-5
Frunze2
2018-10-29 15:39:46
Nuri1988Elim2010, сен турмушту тушунуп ак караны ажыратканда пикирин озгоруп калаар.

Адамдын озунон да коз каранды, бирок адамдын адам болуп калыптанышына ата-эне тарбиясынын ролу, таасири чон. Ошону унутпа.....
-2
Nuri1988Elim2010
2018-10-29 15:49:34
Frunze2,Неге ар бир адам кылган кылмышына озу жооп берет.Мен толугу менен тушунуп эле турам.Болгону ата энесине асылганыбыз туура эмес.
+4
Frunze2
2018-10-29 16:02:40
Nuri1988Elim2010, туура, ар ким озуно жооп берет. Бирок балдардын ошондой болуп чоноюсуна ата-энеси да куноолуу...

Уй салып жатканда фундамент кыйшык болсо эмне болот? Уй кыйшык болот. Тарбия туура эмес болсо да ошол.....

Мисалы сен аягы суюк болуп оссон, буга апандын да салымы бар, жакшы тарбия бере албаган. Ошого окшогон кеп.....
-5
Nuri1988Elim2010
2018-10-29 17:17:52
Frunze2,ар бир адам оз башына келгенде тушунот.Мен мисалы мындай иштерде ата энени куноолоп,дабаалабайм.Себеби бул жашоодо эртенки кун кандай болушун билбейбиз.Болгону сизге айтаарым чон суйлобонуз.
Мындай нерседерден Аллахым озу сактасын.
+3
barakcha
2018-10-29 19:13:37
Frunze2,сен дайыма ата-энеге шек келтиргенге кыйын экенсин!Анан дагы табаалаба.Эртенки кунун кандай болоорун билбейсин!
+4
HypcylTAH
2018-10-29 14:50:58
Жакшы иш болбоптур. Козомол жок болгон окшойт.
+3
DNurgiza
2018-10-29 16:18:49
АЗыркы балдар башкача. Ата энени күнөөлөгөндөр, үйүңөрдө иниңер, сиңдиңер жок окшойт.... Азыр коомго жараша, туулган күн, той кечелер кафеде белгилешип, анан отуруп сааттын жебеси кантип өткөнүн билбей калышат...... Чыкпа, барба, эрте кел дегенди анча эле уга беришпейт.
+5
Leilek91
2018-10-29 18:35:25
Ал адамдын озунон тарбиянын тиешеси жок бул жерде мени ата энем аны кыл муну кыл ант минт деп тарбиялаган эмес козомол да кылган эмес кудайга шугур оз башым менен эле журдум жаман жолго баспадым айтайын дегеним адамдын дээринде болуш керек
+4
aman0296
2018-10-29 22:07:09
1) Ал бала 17 жашта болгон
2) тепкичтен кулап , каза болгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан