Бишкекте Гүлмира Ташпулатова аттуу келин 2 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу изделип жаткан келиндин жолдошу Закир Аманбаев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, жубайы 27-октябрь күнү саат 16:00 чамасында Бишкектеги Жон-Арык айылындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
"Жубайым төрөттөн кийин өзүнөн өзү эле эсин жоготуп коюп жаткан. Бирок дем салдыргандан кийин жакшы болуп бараткан. Ал үчүнчү балабызды июль айында төрөгөн. Үч балабыз бар. Жубайым менин телефон номеримди жатка билчү. Эки күндөн бери издеп жатабыз, бирок андан дайын жок. Милиция кызматкерлерине кабар бердим. Үйдө баламды кайненем карап жатат. Сүрөттөгү жубайымды көрүп-билгендер болсо байланышып коюуну өтүнөм", - деп билдирет жолдошу Аманбаев.
Байланыш телефондору: 0 (505) 522 272; 0 (778) 483 852; 0 (550) 425 251; 0 (555) 522 272.