Алматы-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 21 адам ооруканага кайрылды

Алматы-Бишкек унаа жолунун 23-чакырымында кичи автобус менен автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Мындай маалыматты Tengrinews.kz басылмасы жазып чыкты.

Кырсык маалында тартып алынган видео жана сүрөттөрдү окуянын күбөсү социалдык тармактардын бириндеги баракчасына жүктөгөн. Ошондой эле Алматы облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын билдиргени боюнча ооруканага ар кандай жаракаттар менен 21 адам кайрылган. Алардын ичинен 6 адам Каскелең шаардык ооруканасына, ал эми 1 адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

"Жол кырсыгы кечээ, 28-октябрь күнү түшкө маал катталган. Анда Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус жана автобус сүзүшкөн. Автобуста бара жаткан жүргүнчүлөрдөн эч ким жабыркаган эмес. Ал эми кичи автобустагылардын баарын "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Бактыга жараша, жабыркагандардын арасында каза болгондор жок", - деп аталган басылма жергиликтүү полиция департаментине таянып жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан