ЖЫЛНААМА, 29-ОКТЯБРЬ: Төкмө акын Азамат Болгонбаев 35 жашка толгонун досторунун курчоосунда белгилейт

Учурдун алдыңкы акындарынын бири, жамгырдай төгүп ырдаган таланты менен таанымал төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, бир катар эл аралык, республикалык айтыштардын жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев 35 жашка толду.

SUPER.KG порталы төкмө акынды куттуктап байланышка чыкканда, ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн Бишкек шаарындагы этно-ресторандардын биринде үй-бүлөсү, достору, шеринелештери менен белгилей турганын билдирди.

Акындын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Кандай коом, кандай мамлекет болбосун ар бир адам үчүн эненин орду ыйык, бийик. Ошол эле менин өмүрүмө дагы, өнөрүмө дагы өрнөк түзгөн адамдардын бири менин апам. Тарбиялык жактан дагы, ген жактан дагы апам аркылуу төкмөлүккө бет алдым. Ал 1961-жылы Ысык-Көлдөгү Темир деген айылда туулган. Анын кесиби башка экенине карабай өнөргө үй-бүлөсү менен жакын болушкан. Таятам Насыр Орунбаев чарбачылык менен алектенсе да, жамакчылык өнөрү бар экен. Апам Көлдөн Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылына турмушка чыккан. Атам менен 1-2 жолу кезигишип сүйлөшүптүр. Атамдын бир досу милиция кызматкери болуп иштечү экен. Ал башка 2-3 досуна да милиция кызматкеринин кийимин кийгизип, анан апамды ала качышыптыр. "Милиция чакыртам" десе, "мына биз милициябыз" деп айтканга оңой дешсе керек".
  • "Өкүл атам Элмирбек Иманалиев аткарган чыгармаларды достордун курчоосунда отуруп ырдап коём. Төкмөлүк, ырчылык мунун баары чыгармачылык да. Ошондуктан концерт өткөрсөм, буюрса, күйөрмандарыма ар тараптуу таланттарымды тартуулайм деп жатам. Бирок биротоло ырчы болуп "Секетбайларды" ырдап кетүүдөн алысмын".

Белгилей кетсек, Азамат Болгонбаев 1983-жылы 29-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында туулган. Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун оркестр жана дирижёрлук факультетин аяктаган.

"Эгерде жубайым азыркыга чейин ырдап жүргөндө комуз менен ырдаган кыздардын алдыңкы сабында турмак. Бирок ал үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, ырчылыктан четтеп балдар менен үйдө отурат" деген акын жубайы Жайнагүл Жекшенбекова экөө 1 уул, 2 кызды чогуу тарбиялап келишүүдө.

29-октябрдын жылнаамасы.
Айтыш - Азамат Болгонбаев менен Аалы Туткучев
Азамат Болгонбаев - Кайрат кыл, Өзгөн! Кайрат кыл, Кыргыз!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан