Жети-Өгүздө арыктан аёосуз сабалып каза болгон адамдын жансыз денеси табылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 32 жаштагы адам киши колдуу каза болду. Учурда анын өлүмүнө шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-октябрь күнү эртең менен саат 8:00 чамасында Жети-Өгүз РИИБине Жон-Булак айылында белгисиз жарандын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган тергөө тобу жансыз денени арыктан табышкан. Анын таяк менен катуу сабалып каза болгондугу аныкталган. Маркумдун жарандык никедеги жубайы каза болгон адамдын унаасы да табылбай жатканын айткан. Ал үйүнөн машинасын айдап чыккан боюнча кайтып келген эмес. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголгон. Ал эми маркум 32 жаштагы А.Б. аттуу Каракол шаарынын тургуну экени аныкталып, шектүүлөрдү издөө иштери жүрүүдө.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан