Баткен облусунун Кадамжай районунда баңгизат алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБинин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде Ниссан примера үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны 46 жаштагы Үч-Коргон айылынын тургуну башкарып бара жаткан. Аны текшерүүгө алган учурда сол бутундагы байпагынан төрт бурчтук формадагы жыты бар күрөң түстөгү пакетке оролгон зат табылган. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында баңги заты экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергелген кылмыш иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлдү.