Улуттук банк Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата коллекциялык тыйындарын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк 29-октябрдан тарта "Чыңгыз Айтматов - 90 жыл" коллекциялык тыйындарын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган тыйындар "Тарыхый окуялар" сериясынан жазуучунун 90 жылдык юбилейине карата чыгарылган.

"Чыңгыз Айтматов - 90 жыл" коллекциялык монетасы кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына арналып чыгарылган. Монетанын алдыңкы бетине Чыңгыз Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлүп, четин тегерете "Чыңгыз Айтматов 90 жыл" деген жазуу орун алган. Ал эми оң тарабында монетанын номиналы көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлүп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугу эненин элеси, тоолор жана Ысык-Көл чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы белгиленген.

Жаңы коллекциялык тыйындар 20 сомдук номинал менен 5000 даана чыгарылып, ар биринин баасы 700 сом турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nurdinur
2018-10-29 13:03:19
Кечиресиздер, бул монетаны 700сомго сата алабызбы Бир канча жылдан кийин. Билгендер жооп берип койгулачы
0
kenje-888
2018-10-29 13:32:14
Бир канча жылдан кийин андан кымбат сатасыз
0
rahatov
2018-10-29 15:31:07
Каерден алсак болот
0
talant87
2018-10-29 17:06:58
Эптеп акча алмай максаты андан коро 10000 (он мин) чыгарып бетине чыгаргыла Чынгыз Айтматовду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан