Бишкекте 25 күн бою дайынсыз болгон 18 жаштагы Салман Сатаров ата-энесине кайтып барды

Бишкекте 25 күн бою дайынсыз болгон 18 жаштагы Салман Сатаров ата-энесине кайтып барды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан шаар тургунунун жакындары маалымдашты.

"Уулубуз үйгө кайтып келген. Баары жакшы, учурда Салман Москвада", - деди сүйүнгөн ата.

Буга чейин дайынсыз жоголгон шаар тургуну ал тууралуу "изделип жатат" деген маалымат чыккан соң ата-энесине байланышка чыккан болчу. Анда ал "Апа, кандайсыз? Менин курсагым ток, кийимим бүтүн. Баары жакшы, буюрса, аз убакытта кайтып келем. Көп ойлонбоңуздар! Бүтө элек жумуштарым бар. Үйдөгүлөргө салам айтыңыз!" деп жазган болчу.

Эске салсак, 25 күн бою дайынсыз болгон С.Сатаров 30-сентябрь күнү эртең менен көк түстөгү БМВ үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын ата-энеси бул тууралуу айтып, милицияга арыз беришкен. Издөө иштеринен жыйынтык чыкпаганынан массалык маалымат каражаттарына жардам сурап кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2018-10-29 13:00:47
Эх балдар, балдар! Ушундай кылыгынар менен ата- эненерди оорулуу кылып же анын бетин ары кылсын, ажырап калбагыла!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан