Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстан менен Түркмөнстандагы элчилери алмашат

Жаныш Рустенбеков"Кыргыз өлкөсүнүн Түркмөнстан менен Тажикстандагы элчилеринин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу башка адамдар дайындалат". Аталган маалыматты SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов билдирди.

Анын айтымында, тармактык комитет 30-октябрдагы жыйынында Тажикстандагы элчинин кызмат ордуна сунушталган талапкердин маселесин карайт.

Мирослав Ниязов"Кыргыз мамлекетинин Түркмөнстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков менен Тажикстандагы элчи Мирослав Ниязовдун кызмат мөөнөтү аяктады. Ошого байланыштуу эки кызматка тең кайрадан талапкерлер сунушталат. Комитет эртеңки жыйынында Ниязовдун ордуна келчү талапкердин маселесин карайт. Аны Тышкы иштер министрлиги сунуштады. Расмий документ келмейинче атын атоого болбойт", - деди Пирматов.

Рустенбеков менен Ниязов 2014-жылдан бери аталган кызматтарда иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Muslim_KGstana.
2018-10-29 13:21:43
Покко кызмат кылганын коргон жокмун ушу Мирославды
+1
021279
2018-10-29 14:42:00
Же элге пайдасы жок же Аллага пайдасы жок. Сууга чокпос отко куйбос баягы эле адамдар. Кудай бул дуйно болбосо да тиги дуйнодо жазанарды берет. Болбосо ушул эки адамдын тен Кыргыз олкосуно жардам бергенин коргон да уккан да жокмун. Ушулардын азабынан шордуу боуп атабыз. Эртен Сокеден башка киши келсе да булар журо берет аралашып
0
Zhoro
2018-10-30 04:59:18
Орун алмашуудан сумма озгоробу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан