Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз өлкөсүнөн барган 11 спортчу 1 медаль менен келди (балбандар ээлеген орундар)

Кечээ, 28-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу аяктады. 19-октябрда башталган Дүйнө биринчилигине Кыргыз өлкөсүнөн 11 спортчу катышкан. Алардын жетөө грек-рим күрөшү, экөө эркин күрөш жана экөө кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештерге катышты.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Жоламан Шаршенбеков, Калы Сулайманов, Урмат Аматов, Амантур Исмаилов, Кайрат Түгөлбаев, Атабек Азисбеков жана Бекболсун Махмудов катышса, эркин күрөш боюнча мелдеште Улукбек Жолдошбеков менен Эламан Догдурбек уулу күч сынашты. Кыз-келиндер арасындагы мелдеште Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова катышкан.

Мелдештин жыйынтыгында аталган кыргыз спортчунун арасынан 1 балбан гана медалга илингенге жетишти. Жалгыз медалды кыргыз капчыгына 19 жаштагы Жоламан Шаршенбеков алып келди. Ал мелдештин жүрүшүндө атаандаштарына мүмкүнчүлүк бербей утуп жатты. Алгачкы беттешинде түштүк кореялык балбанды 9:0 эсебинде, чейрек финалда армениялык Норяр Хахоянды 11:0 эсебинде жана жарым финалда түркиялык Екрем Озтүрк менен күч сынашып 9:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Финалда Жоламан Шаршенбеков жаштар арасындагы 2 жолку дүйнө чемпиону азербайжандык Эльдениз Азизли менен беттешип, тилекке каршы, жеңилип калды. Муну менен Жоламан Шаршенбеков мелдештин күмүш медалын тагынып, Дүйнө чемпиондуктарында медалга татыган 9 кыргыз спортчунун катарына кирди.

Коло медаль үчүн күрөшкөнгө кыргыз спортчулардын арасында Атабек Азисбеков гана мүмкүнчүлүк алган. Ал мелдештин жүрүшүндө алгач кытайлык Жунжи Наны 7:6 эсебинде утуп, чейрек финалда германиялык Роланд Шварцты 8:2 эсеби менен утуп алды. Жарым финалда Азисбеков венгриялык Питер Баши менен күрөшүп жеңилүү ызасын тартып калган. Муну менен Атабек Азисбеков коло медаль үчүн беларустук Виктар Сасуновски менен күрөшүп, 5:1 эсебинде жеңишти тарттырып жиберди. Натыйжада Азисбеков 5-орунду ээледи.

Калган 9 кыргыз спортчу өз салмак чендеринде 7-орундан 30-орунга чейин ээлешти. 7-орунду Калы Сулайманов ээлесе, 30-орунда Бексултан Махмудов жайгашты.

Кыргыз спортчулары ээлеген орундар:

Грек-рим күрөшү:

55 килограммга чейинки салмак ченинде: Жоламан Шаршенбеков - 2-орун;

82 килограммга чейинки салмак ченинде: Атабек Азисбеков - 5-орун;

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Калы Сулайманов - 7-орун;

77 килограммга чейинки салмак ченинде: Кайрат Туголбаев - 9-орун;

63 килограммга чейинки салмак ченинде: Урмат Аматов - 12-орун;

67 килограммга чейинки салмак ченинде: Амантур Исмаилов - 25-орун;

97 килограммга чейинки салмак ченинде: Бекболсун Махмудов - 30-орун;

Эркин күрөш:

70 килограммга чейинки салмак ченинде: Эламан Догдурбек уулу - 9-орун;

61 килограммга чейинки салмак ченинде: Улукбек Жолдошбеков - 17-орун;

Кыз-келиндер күрөшү:

68 килограммга чейинки салмак ченинде: Мээрим Жуманазарова - 13-орун;

76 килограммга чейинки салмак ченинде: Айпери Медет кызы - 16-орун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан