Түркияга Кыргыз өлкөсүнөн барган мугалим окуучуга сексуалдык аракеттерди жасагандыгы үчүн 12 жылга соттолду

Түркияда сот Кыргыз өлкөсүндө туулуп-өскөн мугалимди окуучу кызга ыплас иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн 12 жылга соттоду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 2017-жылы апрель айында Манавгат шаарында болгон.

"Соттолгон Игорь аттуу мугалим жеке окуу борборунда музыкадан сабак берген. Ал 13 жаштагы окуучу кызга сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаган", - деп жазылат маалыматта.

Сот учурунда кылмышка шектүү күнөөсүн моюнуна алган эмес. Ал мугалимдик кесипти 25 жылдан бери аркалап келгенин жана анын 18 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жаткан жубайы бар экендигин билдирип, эч убакта мындай кадамга барбай тургандыгын айткан.

Бирок сот жагдайларды, көрсөтмөлөрдү эске алуу менен айыпталуучуну 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nanei
2018-10-29 15:02:45
Жон эле камап койду окшойт. Менин бир таанышым америкада окуп иштейт. Анан ошол айтат, ал олкодо закон аябай кучтуу, так иштейт деп. Мугалимдер окуучулардын башынан сылаганга да акысы жок дейт. Азамат деп сылап койсо балееге калат экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан