Шашылыш билдирүү! 1-2-ноябрда жааган жаан карга айланышы күтүлөт

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында 31-октябрда жаан жаап, 1-2-ноябрда жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, 1-3-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт. Тоолуу аймактарга алыскы сапарга чыгар алдында унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, өздөрү менен кошо чынжырча жана күрөк ала жүрүүсү зарыл. Өзгөчө кырдаал катталган учурда 112 кызматына билдириңиз деп жазылат маалыматта.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан