КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Төрөтканадан алмашып, бойго жеткенден кийин бири-бирин тапкан "Апал-Үпөл" тасмасы SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө режиссёр Ырыс Жоомартованын "Апал-Үпөл" тасмасы жүктөлдү. Тасманын сценарийин режиссёрдун уулу Айбек Кубанычбеков жазган. Тасма жаратуучулардын айтымында, индиялык "Зита-Гита" фильми бүгүнкү күнгө чейин көрүүчүлөрүн жоготпой келет. Мындан улам алар дагы кыргыз тасмасында эгиздердин кызыктуу окуяларын чагылдырган тасма тартып көрүүнү чечкен.

"Тасманын негизги идеясы "Зита-Гитадан" алынган, бирок көп өзгөртүүлөр киргизилди. Тасма тартып жатканда эгиз кыздарды өзүбүз айырмалай албай адашып жаттык.

Тасманын башында эгиздер төрөтканадан алмашып кетип, бири шаарда бири айылда чоңоёт. Шаардык кыз айылга тасма тартуу үчүн барып, түгөйүн таап алат. Экөө орун алмашып, кызыктын баары ошондо башталат", - дейт режиссёр.

Тасма 2016-жылы тартылып, башкы каармандардын ролун Айпери, Нурпери аттуу кыздар жараткан. Мындан тышкары ырчылар Райхан Абдувалиева, Мерген Турган, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев жана башкалар роль жараткан.

"Апал-Үпөл" тасмасын көрүү үчүн бул шилтемени басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан