Бир аптанын ичинде доллар 30 тыйынга чейин кымбаттады

Өткөн аптанын ичинде АКШ долларынын сомго карата курсу 30 тыйынга чейин көтөрүлдү.

Бишкектин коммерциялык банктарында орто эсеп менен 1 доллардын баасы сатып алуу үчүн 69 сом 76 тыйындан 69 сом 70 тыйынга чейин болсо, сатуу үчүн 69 сом 59 тыйындан 69 сом 63 тыйынга чейин жетет. Бул көрсөткүч бир жума мурда сатып алуу үчүн 69 сом 55 тыйын, сатуу үчүн 69 сом 30 тыйынды түзгөн.

Евронун орточо баасы сатып алуу үчүн 79 сом 72 тыйын, сатуу үчүн 78 сом 90 тыйынга барабар.

Орус рублу сатып алуу үчүн 1 сом 7 тыйын, сатуу үчүн 1 сом 6 тыйын, казак теңгеси сатып алуу үчүн 19 тыйын, сатуу үчүн 18 тыйынды түзөт.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, учурда 1 доллар 69 сом 52 тыйынды түзүп, 0,16 пайызга кымбаттаган.

Ал эми евронун баасы 79 сом 9 тыйынды түзүп, 0,11 пайызга арзандаса, рубль 1 сом 5 тыйынды түзүп, 0,33 пайызга кымбаттаган. Казак теңгеси 18 тыйынга барабар болуп, 0,26 пайызга кунун жоготкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан