Индонезияда деңизге кулаган учактан аман калгандар жок

Индонезияда кырсыкка кабылган учактан аман калгандар жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, Индонезиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттиги кырсыктан аман калгандар жок экенин тастыктаган. Ошондой эле куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп жатканын, бир кишинин сөөгү табылганын жана учак Ява деңизинин 30-40 метр тереңдигинде экенин кошумчалаган.

Учак тиешелүү болгон "Lion Air" компаниясы мурунку учуу учурунда учакта техникалык кемчиликтер жаралып, бирок алар жоюлганын жана учакта эч кандай кемчиликтер болбогону аныкталганын жарыялады.

Интернетте расмий тастыкталбаган кырсыкка учураган Боинг 737 учагынын жүргүнчүлөрүнүн тизмеси тарады. Андагы маалыматтарга ылайык, учакта 181 жүргүнчү, алардын ичинен үчөө балдар, 2 учкуч жана 6 борт коштоочу кызматкер болгон.

Эскерте кетсек, 29-октябрь күнү Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 05:30 чамасында Жакарта шаарынан Панкалпинанг аралына багыт алган учак Ява деңизине кулаганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан