Чүйдө бир апта аралыгында мас абалда унаа башкарган 38 айдоочу жоопко тартылды

Өткөн апта ичинде Чүй облусунда жүргүзүлгөн рейддин алкагында мас абалында унаа башкарып жүргөн 38 айдоочу кармалды. Ар кандай эрежелерди бузган 98 айдоочунун унаасы айып төлөөчү жайга токтотулду.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан бүгүн, 29-октябрда маалымдашкандай, 22-октябрдан 28-октябрга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында Чүй облусу боюнча жалпы 4 миң 745 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Мунун ичинен 1024 айдоочу унаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн токтотулса, унаасынын айнектерин караңгылатканы үчүн 8, документтери жок унаасын башкарган 74 айдоочу жоопко тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurlanbek.86
2018-10-29 17:22:04
неге ичип айдашат.уйлорундо балдары кутуп атканын ойлойбекен
+1
volk27
2018-10-29 23:25:27
38и жоопко тартылды 150 ошол жерде акчасын алып коё беришти деп жазса туура болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан