Бюджет жана финансы комитети экономика министри Олег Панкратовго чара көрүү боюнча өкмөт башчыга кат жолдоду

Бюджет жана финансы комитети экономика министри Олег Панкратовго чара көрүү боюнча өкмөт башчыга кат жолдоду. Мындай чечимди бүгүн, 29-октябрда аталган комитеттин төрагасы Эмил Токтошев окуп берди.

“Буга чейин экономика министри Олег Панкратовду 6 жолу жыйынга чакырганбыз, 4 жолу келген эмес, 2 жолу келиптир. Комитет мүчөлөрүнүн атынан чечим чыгарып өкмөт башчыга кат жолдойбуз, ушул маселеге көңүл бурулуп, тиешелүү чаралар көрүлсүн”, - деди Токтошев.

Бүгүнкү жыйынга да Олег Панкратов чакырылып, бирок келген жок. Министрдин орун басары Панкратов ооруп калганына байланыштуу келе албаганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан