Каржы полициясы 4 ай аралыгында атайын эсепке 197 миллион 413 миң сом төктү

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Каржы полициясы) коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке дагы 6 миллион 721 миң акча которду. Бул тууралуу 29-октябрда SUPER.KGʹге аталган мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур кабарлады.

"Бул акчалар экономикалык кылмыш боюнча козголгон иштерден улам мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан чогулган. Жалпысынан Каржы полициясы атайын бирдиктүү эсепке 4 ай аралыгында 197 миллион 413 миң сом акча төктү", - деди ал.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачылган. Ага экономикалык жана кызматтык кылмыштардын айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өндүрүлгөн акчалар түшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
medetbek
2018-10-29 14:22:57
Дагы токкуло бул аз
0
Abdusamat.kg
2018-10-29 15:23:06
197 миллион доллар болсо баа бермекбиз баракелде иштеп жатат деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан