Лайфхак: Саякатта жүргөндө байланышка сарпталуучу каражаттарды кантип үнөмдөөгө болот

Бүгүнкү күндө уюлдук телефонсуз жашообузду элестетүүгө мүмкүн эмес. Бул кичинекей сыйкырдуу түзмөк жазуу китепчесин, саатты жана ойготуучу коңгуроону, радиону, фотоаппаратты алмаштыра алат. Каалаган учурда интернетке кирүүгө же электрондук поч­таны текшерүүгө, жагымдуу музыка угууга же кызыктуу фильм көрүүгө жана китеп окууга да болот. Өзгөчө чет өлкөлөргө эс алууга же ишкер сапар менен жол тарткандар үчүн мобилдик түзмөк өзгөчө керек экендигин айтпасак да белгилүү. MegaCom компаниясынын Роуминг бөлүмүнүн адистери чет мамлекетте жүргөн маалыңызда SIM-картаңызды алмаштырбастан эле байланышка сарпталуучу чыгымдарды кантип азайтууга боло тургандыгына токтоло кетишмекчи.

Баарлашууга басым жасаган MegaCom абоненттери үчүн:

"Үнөмдүү роуминг" тарифтик опциясы мыкты табылга болмокчу. Аталган тарифтик опциянын жардамы менен бардык белгилүү багыттар боюнча, анын ичинде Түркия, Египет, Казакстан, Германия, Украина, Түштүк Кореяга жана башкаларга кирген чалуулар үчүн бирдей баа каралган. Бул өлкөлөргө роумингде кирген чалуу болгону 5 сом. 200 сом өлчөмүндөгү белгиленген төлөм менен 7 күн бою бул кызматтан колдоно аласыз.

Мобилдик интернетти активдүү колдонгондор үчүн:

"Роумингдеги интернет-топтомдорунун" бирин кошуп алып, интернет ааламына саякат жасап, социалдык түйүндөрдү барактап жана почтаңызды текшерсеңиз болот. Бул кызмат аркылуу ар бир мегабайт үчүн базалык роумингдик тарифтер боюнча акы төлөөнүн зарылдыгы жок. "30МБ", "50МБ" же "100МБ" болгон трафиктин ыңгайлуу көлөмүн тандап алып, 7 күн колдоно аласыз. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө MegaCom эл аралык LTE-роуминги 13 өлкөнүн 15 операторунун түйүндөрүндө жеткиликтүү.

Билдирүү жазууну жактыргандар үчүн:

SMS 25 атайын топтомун сунуштайбыз. Кыска билдирүүлөрдү роумингде ыңгайлуу баада жөнөтө аласыз. Ал эми I’m OK уникалдуу кызматынын жардамы менен, дүйнө жүзүнүн бардык жеринен үйүңүзгө "Мен жеттим, баары жакшы", "Мен роумингдемин, сураныч, балансымды толуктап койсоңуз" жана "Мага кайра чалыңыз, мен КРде эмесмин" сыяктуу 10 акысыз SMS-бидирүү жөнөтүп, өзүңүз тууралуу билдире аласыз.

Телефондо каражат түгөнүп калган учурда болсо, төмөндөгү жол менен бул жагдайдан чыгууга болот:

Албетте, "Роумингде балансымды толукта", акысыз кызматы сизге жардамга келет. *101*966YYYхххххх*толуктоо суммасы# буйруусун терип, жакындарыңызга балансыңызды толуктап коюу өтүнүчү менен сурам жөнөтө аласыз.

MegaCom үчүн ар бир абонентинин мүдөөсүн алдыңкы орунда. Өзүңүзгө жаккан ыкманы тандап алыңыз жана саякатка жол тартыңыз! Толук маалымат компаниянын megacom.kg сайтында.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан