Өзбекстанда эгин талааларына сууну өз убагында жеткирбегендерди суу кечтирип жазалаган чиновникке айып салынды

Буга чейин социалдык тармактарда жарыяланган пахта талаасындагы арыкта тизесинен суу кечип турган кишилердин сүрөтү интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жараткан.

Өзбек маалымат каражаттарынын жазып чыкканына таянсак, талаадагы абал менен танышууда Аккурган районунун акиминин орун басары Шерзод Муродов, жергиликтүү фермалардын жетекчилери жана Айыл жана суу чарба министрлигинин аймактык өкүлдөрү болгон.

"Буудай эгилген соң сугат иштери жүрүү керек болчу. Бирок район башчысы барган талааларда андай иштер байкалган эмес. Муродовдун "эмнеге сугат иштери жүрбөй жатат?" деген суроосуна, ферма жетекчилеринин бири суу жок болуп жатканын айткан. Ошол маалда Муродов "суу бар, мына агып жатпайбы" деп арыктагы сууну кечкен", - деп жазылат маалыматта.

Өз сөзүндө Муродов ал сууну кечкен соң фермалардын жетекчилери, Айыл жана суу чарба министрлигинин аймактык өкүлдөрү анын артынан өздөрү суу кечишкенин жана аларды эч ким мажбурлабаганын айткан.

"Мен алардын суу жок деген жообуна ачууланып сууну кечкем. Алар болсо менин артымдан өздөрү кечишти. Биз сууда бир мүнөттөй турдук", - деген Муродов.

Ошондой эле ал окуядан кийин ага айып салынганын жана жетекчилик тараптан эскертүү алганын кошумчалаган.

Өзбекстанда кайдыгер чиновниктер өзгөчө жазаланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond
2018-10-29 15:27:15
Бул жагы озбекче болуп кетиптир
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан