Орусиядан кароосуз калган 4 ымыркай өлкөгө алып келинди

Орусиядан кароосуз калган 4 ымыркай өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, алып келинген 6-7 айлык ымыркайлар балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.

"Орусиянын Новосибирск облусунан жашы жете элек 4 бала Кыргыз өлкөсүнө алып келинип, балдар үйүнө тапшырылды. Аларды өз ата-энелерине өткөрүп берүү үчүн тиешелүү иштер аткарылып жатат.

Ата-энелердин балдарынан баш тартуусуна көпчүлүк учурда туруктуу жашаган жери, киреше табуу булагынын жок экени, балдардын никесиз төрөлүшү себеп болот", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери ата-энеси камкордук кылуудан баш тарткан 89 бала өлкөгө кайтарылса, алардын ону 2018-жылы алып келинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Qwer007
2018-10-29 14:58:24
Бизде бала асырап алууну женилдетсе, менимче балдар уйундогу балдардын тен жарымын Кыргыз элим озу эле багып алмак
+5
ady-88
2018-10-29 15:23:25
Рфдан алып келеерде бала тажик озбек азерден торолгон эмесби ата энеси кыргызбы ушуну тактап анан алып келсенер сураныч. Болбосо бул жакта кытай жеендер ансыз деле коп.
+3
bond02
2018-10-29 17:18:11
Кош келдинер жээндер.
+1
Aikaaaa
2018-10-29 22:56:51
Ошо балдардан асырап алса болобу, же аякта да коррупциябы?
0
AzKumFerDan
2018-10-29 23:11:43
Шорун кургур чурполор эмне жазыгы бар эле булардын.Ошол боюндакылган эркекти плюс ошого жатып Берген кызды жоопко тартыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан