Чүйдө аялдардын абагында энелери менен кошо 10 наристе жатат

Чүй облусундагы Степное айылындагы аялдардын абагында энелери менен кошо 10 наристе жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Басма сөз кызматкеринин айтымында, аталган түрмөдө 350дөй аял бар жана алардын бири кош бойлуу.

"Мыйзам боюнча оор жана өтө оор кылмыш жасаган аялдар жашы жете элек балдары бар болгонуна карабай камалат. Ошондуктан абакта төрөлгөн балдар үч жашка чейин багылат. Учурда 10 наристе энелери менен бирге жашап жатат. Бизде наристелер үч жашка чейин багылат да, андан соң камалган аялдардын жакындарына берилет же балдар үйүнө өткөрүп берилет. Балдары бар аялдарга шарт түзүлгөн, алар иштебей атайын балдарын карашат. Биздин негизги максат - балдар энелеринин сүтүн эмип, психологиясы бузулбай чоңоюшу үчүн шарт түзүү", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
fanatka19
2018-10-29 15:25:34
ошол 10 аял эмне кылмыш кылган жаза кетсенер болмок экен.
+6
GULZAT.83
2018-10-29 16:26:09
Ошондо депутат Салянова кызы 14жашка чыкканда жаза отойт.дешкен Ал эми азыркы 10 аялдардын кылмышы женил болсо олорго деле срок бербейт бекен Салянованыкындай жээ депутат аялдарга озунчо закон бар болгонубу ошондо..??
+8
bond02
2018-10-29 17:16:33
GULZAT.83,Салянованын кызы он тортко чыккыча кылмышы унутулат болуш керек.
+2
Aikaaaa
2018-10-29 22:51:35
GULZAT.83, оор жана өтө оор кылмыш кылган аялдардыкы жашы жетелек балдары барына карабай камалат деп турат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан