Кыргыз мамлекетинин сууда сүзүү спортунун түрлөрү үчүн дүйнөлүк стандарттагы бассейндер жок. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Канат Арпачиев билдирди.
Депутат Жанар Акаев "Сууда сүзүү спорту боюнча спортчуларды Олимпиадага даярдай турган, дүйнөлүк стандартка жооп берген бассейн барбы?" деген суроону койду.
“Менин билишимче, биздин спортчулар бассейн жоктугунан коңшу өлкөлөргө барып машыгууларды өткөрүшөт экен”, - деди Акаев.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Канат Арпачиев Кыргыз өлкөсүңдө эл аралык стандартка жооп берген бассейн жок экенин айтты.
“Бизде машыгуу өткөргөнгө 50 метрлик бассейндер бар, бирок эл аралык стандартка жооп берген 100 метрлик бассейндер жок. Биздин спортчулар башка өлкөлөрдө машыгууларды өткөрүп жатышат”, - деди Арпачиев.