Бишкекте темир жолдун жээгинен 5 күн мурда адамдын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнү аныкталбай жатат
Ички иштер министрлигинин тергөө органынын маалымат кызматы 24-октябрда Бишкекте темир жолдун жээгинен табылган жансыз дененин ким экендигин аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт.
Маалыматка ылайык, 24-октябрь күнү саат 09:45те "Кыргыз темир жолу" ишканасынын диспетчеринен "Аламүдүн"-"Бишкек-2" темир жолунун жээгинде белгисиз эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө кызматы барган учурда азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштагы адамдын денеси табылган. Биринчи кароо жүргүзгөн учурда ага эч кандай күч колдонулбаганы аныкталып, бардык экспертизалар дайындалган.
Табылган жаран сыя-көк түстөгү көйнөкчөн, жынсы шымчан болгон. Маркум тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо Ички иштер министрлигинин тергөө органдарына (0312) 35-12-70, (0701) 35-12-70 же 0702-102-702 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.