КҮНСОБОЛ: Эмне үчүн "Ачык асман" долбоору ишке ашырылбай жатат?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

"Ачык асман” - бул чет элдик авикомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат. Аны Кыргыз өлкөсү 2003-жылдан бери ишке ашыра албай келет. Учурда депутаттар тобу "Ачык асманды" киргизүү үчүн Аба кодексин өзгөртүүнү кайрадан сунуштап, аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Эксперттердин айтымында, "Ачык асман" ишке ашса, ички жана сырткы аба каттамдарынын билеттери арзандап, тейлөө жакшырат. Бирок бул ата мекендик авиакомпанияларды банкротко учуратат. Мындан улам учурда Кыргыздын аба мейкиндиги депутаттар жана жергиликтүү авиакомпаниялар ортосунда талашка түштү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Эмне үчүн "Ачык асман" долбоору ишке ашырылбай жатат?" деп собол салды.

НУРБАЕВ: "Ачык асман" ишке ашса, биздин өлкөдөн түз эле Европага учкандар көбөйөт"

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ачык асман" боюнча долбоордун демилгечилеринин бири Абдывахап Нурбаевдин пикиринде, бул демилгенин туризмге да салымы чоң.

"Аталган саясат ишке ашса, эң негизги жетишкендик - бул коопсуздук болот. Андан сырткары билеттер арзандап, туризм өнүгөт. Транзит аркылуу бизге конуп, жүк алып, жүк түшүрүп, кайра учуп кете беришет. Чет өлкөнүн авиакомпаниялары да адамдарды түшүрүп, кайра адам алып кетсе болот. Биздин өлкөдөн түз эле Европага учкандар көбөйөт. Европанын бай туристтери башка мамлекеттер аркылуу убара болуп отурбай, түз эле Кыргыз өлкөсүнө учуп, саякаттап кете алышат. Ал эми банкротко учурашы мүмкүн деп жаткан ата мекендик авиакомпанияларга өкмөт көңүл буруп, карашы керек. Алар салыгын жеңилдетип берсе болот", - деди ал.

ИКРАМОВ: "Ачык асманга" өкмөт жана авиакомпаниялар каршылык кылып жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пикиринде, авиакомпаниялар ортосунда атаандаштык болсо билеттер арзандайт.

“Ачык асман” долбоорун кайрадан көтөрүп жатышат. Бирок буга өкмөт жана авиакомпаниялар каршылык кылууда. Авиакомпаниялар арасында атаандаштык болсо жакшы болот эле. Башкаларга да мүмкүнчүлүк берилиши керек. Бишкек-Ош каттамынын билети кээде 8 миң сомго чейин чыгып кетүүдө. “Ачык асман” ишке ашса, ички дагы, сырткы дагы билеттер арзандайт. Долбоор жолго коюлса чоң инвесторлор келип, аэропортторду курушмак. Бул тармакты монополия кылып алган күчтөр бар.

“Эйр Кыргызстан” компаниясы боюнча маселени бир нече жолу көтөрдүм. Ал мамлекеттик компания. Азыркы жетекчисине чейин “Эйр Кыргызстандын” бюджети “Манас” аэропортунукунан да чоң болгон. Азыркы жетекчи болсо жерлерин, учактарын күрөөгө коюп, жок кылып жиберген. Бул боюнча маалымат сурасам Транспорт жана жолдор министрлиги “бизге карабайт” деп жооп берип жатат. Сатып, жеп койгон жетекчиге чара көрүлбөй келүүдө. Коррупция менен күрөшөбүз деп жатабыз, анда бул жагы кандай болот? Өкмөт жетекчини жумуштан алып, ишти колго алса жакшы болмок. Эми “Эйр Кыргызстандын” башчысын аэропорттун башчысы кылабыз деп жатканын угуп калдым. Бул туура эмес”, - деди Икрамов.

МОМБЕКОВ: "Ачык асман" ишке ашса, ата мекендик компаниялар базардан чыгып, банкрот болуп калышы мүмкүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков "Ачык асман" мамлекет үчүн оордук, калк үчүн жеңилдик алып келет дейт.

“Ачык асман” биринчи окууда каралып жатканда пикир билдирген элем. Бул долбоор азыркы шартта керек. Бирок кийинки күндөгү кооптуулук көз көрүнөө болуп турат. “Ачык асман” ишке ашса, жергиликтүү компаниялар базардан чыгып, банкрот болуп калышы мүмкүн. Бул долбоор бизде де юре жок, бирок де факто болуп келген. “Ачык асман” болбосо Батукаев учуп кетмек эмес. Муну эми мыйзамдаштырып коёлу деп жатышат. Бул мамлекет үчүн оордук, калк үчүн жеңилдик жаратат. Өкмөт мамлекеттик коопсуздук, экологиялык жагынан кепилдик бере албай жатпайбы. Чет өлкөлүк учактар Пекин-Стамбул каттамы сыяктуу жүк алып келип, кайра Бишкектен учуп кете беришет. Бирок Дача-СУдагыдай болуп кетсе ким жооп берет? Ошону өкмөт да, демилгечилер да карап чыгышы керек дегем.

Өкмөт “Ачык асманга” жарым-жартылай каршы болууда. Алар пикирлерин биринчи окууда ачык айта албай калышкан. Жыйында өкмөткө “маселе болсо ачык айткыла, депутаттардыкы лобби же хобби болуп калышы мүмкүн” деп айткам. Андан бери эмне кылышты билбейм. Албетте, “Ачык асмандын” ишке ашпай жатканында жеке компаниялардын кызыкчылыгы бар. Башында “Pegasus Airlines” деле Бишкек-Ош каттамы 1200 сом болот деп айткан. Базага киргенден кийин 5 миң сомго жеткирди. "Ачык асман" ишке ашса дүйнөлүк авиакомпанияларды кантип эпке салабыз, бул маселе жаратат. Азыр биздеги чоң каттамдарды ээлеген “Аэрофлот” менен “Turkish Airlines” бар”, - деди Момбеков.

ТИЛЛАЕВ: “Ачык асман” долбоорун ишке ашыруу үчүн чечкиндүүлүк керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев бул маселе парламентте каралып жатканын айтты.

“Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн чечкиндүүлүк керек. Азыр өкмөт башчы чечкиндүүлүктү көрсөтүп, жакын арада ишке киргизе турганын айтты. Негизги көйгөй - тиешелүү министрликтердин чечкинсиздиги жана деңгээлинин жетишсиздиги болуп жатат. Бул болбоор ишке ашса бир топ жакшы жыйынтыктарды алып келет. Элге жеңилдиктер болот жана бюрократияны жок кылууга шарт түзүлөт. Адам менен адамдын жолугушусун азайтуу керек. Бизде маалым катты алууда да көйгөйлөр жаралат. Мындай көйгөйлөрдөн арылуу зарыл”, - деди Тиллаев.

ЭРГЕШОВ: “Ачык асман” долбоорунун бешинчи деңгээли ишке ашса туристтердин саны көбөйөт”

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов “Ачык асман” долбоорунун бешинчи деңгээли ишке ашса, көптөгөн жакшы жыйынтыктарды берет деген пикирде.

“Ачык асман” долбоору иштеп жатат. Депутат Абдывахап Нурбаев демилгелеп жаткан мыйзам долбоору аталган долбоордун бешинчи деңгээли. Бул долбоор ишке ашса, жакшы жыйынтыктарды берет. Кыргыз мамлекетине келген туристтердин, жүргүнчүлөрдүн саны көбөйөт. Кыргыздар Европага, башка мамлекеттерге түз учканга мүмкүнчүлүк алат деген үмүт менен мыйзам долбоору киргизилип жатат”, - деди Эргешов.

АРЫНОВ: “Ачык асман” долбоору ишке ашса, баалар түшөт деген - бул жомок”

“Эйр Манас” авиакомпаниясынын директорунун орун басары Данияр Арынов “Ачык асман” долбоорун ишке ашыруудан мурун жарандык авиацияны "кара тизмеден" чыгаруу керек деген пикирде.

“Өкмөт жана депутаттар тарабынан сунушталып жаткан “Ачык асман” - бул долбоор эмес. Муну “Абанын бешинчи боштондугу” деп коёт. “Ачык асманга” жетиш үчүн бир топ кадамдар бар. Салыштырып айтканда, азыр биз 1-кабатта болсок, “Ачык асман” 10-кабатта.

Сунушталып жаткан долбоорго бардык жергиликтүү авиакомпаниялар каршы эмес. Бирок мамлекет мындай долбоорлорду ишке ашырардан мурун жергиликтүү авиакомпаниялардын кызыкчылыгын да карашы керек. Анткени жергиликтүү авиакомпаниялар чет элдик компаниялар менен тең абалда эмес. Кыргыз өлкөсүнүн "Жарандык авиация агенттиги" "кара тизмеде". Эгер бул агенттик "кара тизмеден" чыкса гана кыргыз авиакомпаниялары "кара тизмеден" чыкты десек болот. Биз "кара тизмеден" чыксак учактарды да чет элдик авиакомпаниялар сатып алган баага сатып алат элек. Азыр биз учак алалы десек, учакты саткандар бизге эки эсе кымбат бааны айтышат.

Бул долбоорлорду сунуштап жаткандар салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык алып жатканын эске алып, адегенде биздин жергиликтүү компаниялардын кызыкчылыгын коргошсо болмок. Анткени алар мамлекетке салык төлөшөт. Азыр депутаттар “2-3 компания өз кызыкчылыгын ойлоп, 6 миллион элди ойлобой жатат” деп бизди душман көрүшүүдө. Алар айтып жаткан долбоор ишке ашса, ички жана сырткы учак каттамдары бир топ арзандап, тейлөө жакшырат деген - популизм. Чет элдик авиакомпаниялар биздин ички каттамда учмак беле? Биз эмес, депутаттар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өздөрү душман болушууда. Биздин компаниялар чет өлкөлүк компаниялар менен атаандаша албай жабылып баштайт. Эгер алар жабылса, ички каттамдардын абалы эмне болот? Анан да сырттан келген компаниялардын баасын да эч ким көзөмөлдөй албайт”, - деди Арынов.

МАТМУРАТОВ: “Биз депутаттардын “Ачык асман” долбоору боюнча сунуштаган мыйзамына өз сын-пикирибизди айтканбыз”

Транспорт жана жолдор министрлигинин авиация жана суу транспорт бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратовдун айтымында, “Ачык асман” саясаты боюнча 2 мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал бир мыйзамга бириктирилген.

“Ачык асман” боюнча биздин министрлик мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бул боюнча өкмөттүн токтому чыгып, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети тарабынан жактырылган. Андан кийин депутаттар тарабынан "Ачык асман" саясаты боюнча дагы бир мыйзам долбоору иштелип чыккан. Алардын мыйзам долбоору бизге келип, биз ага сын-пикир жана сунуштардын негизинде өз корутундубузду бергенбиз. Чет өлкөлүк авиакомпаниянын учагы Кыргыз өлкөсүнүн аймагына учуп келиши же биз аркылуу башка жакка учуп барышы үчүн Жарандык авиация агенттигинен уруксат алат.

Депутаттар сунуштаган мыйзам долбоорунда “уруксат алуу” дегенди “маалымдоо” дегенге алмаштыруу боюнча сунуш айтылган. Бул сунушка өзүбүздүн корутундубузда макул болгон эмеспиз. Учурда өкмөт жана депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору бириктирилип, Жогорку Кеңеш тарабынан каралып жатат. Негизги максат - Кыргыз өлкөсүнүн аймагына көп учууларды тартуу жана биздин жарандардын дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө уча алуусу. Бирок жергиликтүү авиакомпаниялар жүйөлүү сындарды, сунуштарды айтып жатышат. Эгер бул мыйзам ишке ашса, анда чет элдик авиакомпанияларга бизде жок учуу каттамдарын ачып берүүнү сунушташууда. Алардын айтканы да туура, анткени чет элдик компаниялар жергиликтүү компаниялардын базарын ээлеп алуу тобокелдиги бар”, - деди ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан