Кадамжайда карышкырлар кол салган адамдар эмделүүдө. Качып кеткен дагы бир карышкыр табыла элек

Карышкырлар кол салган адамдардын абалы туруктуу. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору билдирди.

"Жабыркагандарга 3 жолу эмдөө жасалышы керек. Ар бири үч күн аралыгында жасалат. Карышкыр талап салгандар 23-октябрда ооруканага жаткырылган. Эки жолу эмделишти. Баарынын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө", - дейт Арзыбек Бөрүбаев.

Майдан айылынын башчысы Жеңиш Амизаев кармалган карышкырдын башы кесилип, Ош шаарына экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөнүн айтты.

"Карышкыр тиш салган жарандар Үч-Коргондо дарыланып жатат. Аларды тиштеген карышкыр соо же кутурмабы азырынча белгисиз. Экспертизанын жыйынтыгында белгилүү болот. Кадамжай райондук ветеринардык станциясы кош көңүл мамиле кылып жатат. Бир карышкыр кармалган эмес, бул тургундар үчүн кооптуу. Карышкырды атуу боюнча эч кандай иш-аракеттер болгон жок", - деди Жеңиш Амизаев.

Айта кетсек, 23-октябрда Майдан айылына эки карышкыр кирип келип тургундарга кол салган. Тургундар тарабынан бири ошол замат кармалып өлтүрүлсө, экинчиси качып кеткен. Карышкырлар жабыркагандардын биринин баш сөөгүн, калгандарынын буту-колун талап салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан