Буга чейин чет элдик "Лестер-Сити" футболдук клубунун ээси тик учак менен кырсыкка учурап көз жумгандыгы тууралуу маалымдалган.
Ал эми чет элдик маалымат каражаттары тараткан кабарларга таянсак кырсык учурунда тик учактын ичинде жалпы 5 адам болгон. Жергиликтүү полиция кызматы каза болгондордун аты-жөнүн жарыялады.
Алар миллиардер Вишай Шривадданапрабхи, учкучтар Эрик Сваффер жана Изабелла Лехович, жардамчылары Кавепорн Пунпаре жана Нусара Сукнамаи.
Белгилүү болгондой, 33 жаштагы Нусара Сукнамаи "Таиланд сулуусу-2005" сулуулар кароо-сынагынын жеңүүчүсү болгон.