Спортчу Юрий Краковецкий Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан дзюдо боюнча эл аралык мелдеште коло медаль үчүн күрөшөт

Кыргыз спортчусу Юрий Краковецкий Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан дзюдо боюнча эл аралык мелдеште коло медаль үчүн күрөшөт.

Бүгүн, 29-октябрда БАЭнин Абу-Даби шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча мелдештин 3-күнү өтүүдө. Анда килем үстүндө 100 килограммга чейинки жана 100 килограммдан жогорку салмак чендеринде дзюдочулар күч сынашууда. 100 килограммдан жогорку салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Юрий Краковецкий катышып, коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды.

Юрий Краковецкий алгачкы беттешинде грузиялык Левани Матиашвили менен кез келип, 1 мүнөт 45 секунддун ичинде иппон менен жеңишке жеткен. Чейрек финалда тилекке каршы кыргыз спортчусу орусиялык Инал Тасоевге 0:1 эсебинде утулуп калды. Тасоев жарым финалга чыгып, Краковецкий көңүл жубатуучу раундда күрөштү. Анда Юрий Краковецкий польшалык Мацей Сарнацки менен кездешип, аны 1 мүнөт 19 секундда таза жеңиш менен утуп алды.

Бул жыйынтык менен Юрий Краковецкий коло медаль үчүн күч сынашканга мүмкүнчүлүк алды. Азырынча Краковецкийдин атаандашы аныктала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан