Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылындагы адам өлтүрүү кылмышына шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Аламүдүн РИИБине 20-октябрь күнү саат 15:00 чамасында Октябрь районундагы үйлөрдүн биринде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ каза болгон кишиге бир нече ирет бычак сайылганына күбө болушкан. Маркумдун аты-жөнү такталып, ал 55 жаштагы Г.А. экендиги аныкталган жана анын өлүмү тууралуу маалыматты милицияга маркумдун туугандары кабарлаган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
"Кылмыш иши боюнча окуяга тиешеси бар болушу мүмкүн делген бир нече адам суракка алынды. Ошондой эле жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Иликтөөнүн негизинде ошол күнү каза болгон адам спирт ичимдигин ичкени аныкталды. Ал спирт ичимдигин өзү жалгыз эмес, бейтааныш аял жана эркек кишини үйүнө чакырып келип, чогуу ичишкен. Конокко кирген эки шектүү ошол учурда дароо тоноо планын түзүшкөн. Каза болгон Г.А.га 7 жолу бычак сайылган. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Үйдө бир нече буюм жоголгону аныкталган. Ал эми шектүү катары колго түшкөндөр 34 жаштагы Ч.О. жана Х.Ю. экени аныкталып, алар мурда дагы бир нече кылмыш иши менен соттолгондору аныкталды", - деп жазылат маалыматта.
Кармалган шектүүлөр учурда убактылуу кармоочу жайда.