"Ачык асман” - бул чет элдик авикомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат. Аны Кыргыз өлкөсү 2003-жылдан бери ишке ашыра албай келет. Учурда депутаттар тобу "Ачык асманды" киргизүү үчүн "Аба кодексин" өзгөртүүнү кайрадан сунуштап, аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Эксперттердин айтымында, "Ачык асман" ишке ашса, ички жана сырткы аба каттамдарынын билеттери арзандап, тейлөө жакшырат. Бирок бул ата мекендик авиакомпанияларды банкротко учуратат. Мындан улам учурда Кыргыздын аба мейкиндиги депутаттар жана жергиликтүү авиакомпаниялар ортосунда талашка түштү.
SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн "Ачык асман" долбоору ишке ашырылбай жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жооп берди.
Анын пикиринде, авиакомпаниялар ортосунда атаандаштык болсо билеттер арзандайт.
“Ачык асман” долбоорун кайрадан көтөрүп жатышат. Бирок буга өкмөт жана авиакомпаниялар каршылык кылып жатат. Авиакомпаниялар арасында атаандаштык болсо жакшы болот эле. Башкаларга да мүмкүнчүлүк берилиши керек. Бишкек-Ош каттамынын билети кээде 8 миң сомго чейин чыгып кетүүдө. “Ачык асман” ишке ашса, ички дагы, сырткы дагы билеттер арзандайт. Долбоор жолго коюлса чоң инвесторлор келип, аэропортторду курушмак. Бул тармакты монополия кылып алган күчтөр бар.
“Эйр Кыргызстан” компаниясы боюнча маселени бир нече жолу көтөрдүм. Ал мамлекеттик компания. Азыркы жетекчисине чейин “Эйр Кыргызстандын” бюджети “Манас” аэропортунукунан да чоң болгон. Азыркы жетекчи болсо жерлерин, учактарын күрөөгө коюп, жок кылып жиберген. Бул боюнча маалымат сурасам Транспорт жана жолдор министрлиги “бизге карабайт” деп жооп берип жатат. Сатып, жеп койгон жетекчиге чара көрүлбөй келүүдө. Коррупция менен күрөшөбүз деп жатабыз, анда бул жагы кандай болот? Өкмөт жетекчини жумуштан алып, ишти колго алса жакшы болмок. Эми “Эйр Кыргызстандын” башчысын аэропорттун башчысы кылабыз деп жатканын угуп калдым. Бул туура эмес”, - деди Икрамов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Рыскелди Момбеков, Таабалды Тиллаев, Алмазбек Эргешов, “Эйр Манас” авиакомпаниясынын директорунун орун басары Данияр Арынов жана Транспорт жана жолдор министрлигинин авиация жана суу транспорт бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратовдун пикири бул шилтемеде.