Депутат Абдывахап Нурбаев: "Ачык асман" ишке ашса, биздин өлкөдөн түз эле Европага учкандар көбөйөт"

"Ачык асман” - бул чет элдик авикомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат. Аны Кыргыз өлкөсү 2003-жылдан бери ишке ашыра албай келет. Учурда депутаттар тобу "Ачык асманды" киргизүү үчүн "Аба кодексин" өзгөртүүнү кайрадан сунуштап, аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Эксперттердин айтымында, "Ачык асман" ишке ашса, ички жана сырткы аба каттамдарынын билеттери арзандап, тейлөө жакшырат. Бирок бул ата мекендик авиакомпанияларды банкротко учуратат. Мындан улам учурда Кыргыздын аба мейкиндиги депутаттар жана жергиликтүү авиакомпаниялар ортосунда талашка түштү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн "Ачык асман" долбоору ишке ашырылбай жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жооп берди.

Депутаттын пикиринде, бул демилгенин туризмге да салымы чоң.

"Аталган саясат ишке ашса, эң негизги жетишкендик коопсуздук болот. Андан сырткары билеттер арзандап, туризм өнүгөт. Транзит аркылуу бизге конуп, жүк алып, жүк түшүрүп, кайра учуп кете беришет. Чет өлкөнүн авиакомпаниялары да адамдарды түшүрүп, кайра адам алып кетсе болот. Биздин өлкөдөн түз эле Европага учкандар көбөйөт. Европанын бай туристтери башка мамлекеттер аркылуу убара болуп отурбай, түз эле Кыргыз өлкөсүнө учуп, саякаттап кете алышат. Ал эми банкротко учурашы мүмкүн деп жаткан ата мекендик авиакомпанияларга өкмөт көңүл буруп, карашы керек. Алар салыгын жеңилдетип берсе болот", - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов, Рыскелди Момбеков, Таабалды Тиллаев, Алмазбек Эргешов, “Эйр Манас” авиакомпаниясынын директорунун орун басары Данияр Арынов жана Транспорт жана жолдор министрлигинин авиация жана суу транспорт бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратовдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан