Депутат Рыскелди Момбеков: “Ачык асман" ишке ашса, жергиликтүү компаниялар базардан чыгып, банкрот болуп калышы мүмкүн"

"Ачык асман” - бул чет элдик авикомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат. Аны Кыргыз өлкөсү 2003-жылдан бери ишке ашыра албай келет. Учурда депутаттар тобу "Ачык асманды" киргизүү үчүн Аба кодексин өзгөртүүнү кайрадан сунуштап, аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Эксперттердин айтымында, "Ачык асман" ишке ашса, ички жана сырткы аба каттамдарынын билеттери арзандап, тейлөө жакшырат. Бирок бул ата мекендик авиакомпанияларды банкротко учуратат. Мындан улам учурда Кыргыздын аба мейкиндиги депутаттар жана жергиликтүү авиакомпаниялар ортосунда талашка түштү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн "Ачык асман" долбоору ишке ашырылбай жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жооп берди.

Ал "Ачык асман" мамлекет үчүн оордук, калк үчүн жеңилдик алып келет дейт.

“Ачык асман” биринчи окууда каралып жатканда пикир билдирген элем. Бул долбоор азыркы шартта керек. Бирок кийинки күндөгү кооптуулук көз көрүнө болуп турат. “Ачык асман” ишке ашса, жергиликтүү компаниялар базардан чыгып, банкрот болуп калышы мүмкүн. Бул долбоор бизде де юре жок, бирок де факто болуп келген. “Ачык асман” болбосо Батукаев учуп кетмек эмес. Муну эми мыйзамдаштырып коёлу деп жатышат. Бул мамлекет үчүн оордук, калк үчүн жеңилдик жаратат. Өкмөт мамлекеттик коопсуздук, экологиялык жагынан кепилдик бере албай жатпайбы. Чет өлкөлүк учактар Пекин-Стамбул каттамы сыяктуу жүк алып келип, кайра Бишкектен учуп кете беришет. Бирок Дача-СУдагыдай болуп кетсе ким жооп берет? Ошону өкмөт да демилгечилер да карап чыгышы керек дегем.

Өкмөт “Ачык асманга” жарым-жартылай каршы болуп турат. Алар пикирлерин биринчи окууда ачык айта албай калышкан. Жыйында өкмөткө “маселе болсо ачык айткыла. Депутаттардыкы лобби же хобби болуп калышы мүмкүн” деп айткам. Андан бери эмне кылышты билбейм. Албетте, “Ачык асмандын” ишке ашпай жатканына жеке компаниялардын кызыкчылыгы бар. Башында “Pegasus Airlines” деле Бишкек-Ош каттамы 1200 сом болот деп айткан. Базага киргенден кийин 5 миң сомго жеткирди. "Ачык асман" ишке ашса дүйнөлүк авиакомпанияларды кантип эпке салабыз, бул маселе жаратат. Азыр биздеги чоң каттамдарды ээлеген “Аэрофлот” менен “Turkish Airlines” бар”, - деди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Тазабек Икрамов, Таабалды Тиллаев, Алмазбек Эргешов, “Эйр Манас” авиакомпаниясынын директорунун орун басары Данияр Арынов жана Транспорт жана жолдор министрлигинин авиация жана суу транспорт бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратовдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан