Депутат Таабалды Тиллаев: “Ачык асман” долбоорун ишке ашыруу үчүн чечкиндүүлүк керек”

"Ачык асман” - бул чет элдик авикомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат. Аны Кыргыз өлкөсү 2003-жылдан бери ишке ашыра албай келет. Учурда депутаттар тобу "Ачык асманды" киргизүү үчүн Аба кодексин өзгөртүүнү кайрадан сунуштап, аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Эксперттердин айтымында, "Ачык асман" ишке ашса, ички жана сырткы аба каттамдарынын билеттери арзандап, тейлөө жакшырат. Бирок бул ата мекендик авиакомпанияларды банкротко учуратат. Мындан улам учурда Кыргыздын аба мейкиндиги депутаттар жана жергиликтүү авиакомпаниялар ортосунда талашка түштү.

SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн "Ачык асман" долбоору ишке ашырылбай жатат?"деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев жооп берди.

Ал бул маселе парламентте каралып жатканын айтты.

“Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн чечкиндүүлүк керек. Азыр өкмөт башчы чечкиндүүлүктү көрсөтүп, жакын арада ишке киргизе турганын айтты. Негизги көйгөй тиешелүү министрликтердин чечкинсиздигинде болуп жатат. Бул болбоор ишке ашса бир топ жакшы жыйынтыктарды алып келет. Элге жеңилдиктер болот. Бюрократияны жок кылууга шарт түзүлөт. Адам менен адамдын жолугушусун азайтуу керек. Бизде маалым катты алууда да көйгөйлөр жаралат. Мындай көйгөйлөрдөн арылуу зарыл”, - деди Тиллаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Рыскелди Момбеков, Тазабек Икрамов, Алмазбек Эргешов, “Эйр Манас” авиакомпаниясынын директорунун орун басары Данияр Арынов жана Транспорт жана жолдор министрлигинин авиация жана суу транспорт бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратовдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан