Депутат Алмазбек Эргешов: “Ачык асман” долбоорунун бешинчи деңгээли ишке ашса, туристтердин саны көбөйөт”

"Ачык асман” - бул чет элдик авикомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат. Аны Кыргыз өлкөсү 2003-жылдан бери ишке ашыра албай келет. Учурда депутаттар тобу "Ачык асманды" киргизүү үчүн Аба кодексин өзгөртүүнү кайрадан сунуштап, аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Эксперттердин айтымында, "Ачык асман" ишке ашса, ички жана сырткы аба каттамдарынын билеттери арзандап, тейлөө жакшырат. Бирок бул ата мекендик авиакомпанияларды банкротко учуратат. Мындан улам учурда Кыргыздын аба мейкиндиги депутаттар жана жергиликтүү авиакомпаниялар ортосунда талашка түштү.

SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн "Ачык асман" долбоору ишке ашырылбай жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов жооп берди.

Ал “Ачык асман” долбоорунун бешинчи деңгээли ишке ашса, көптөгөн жакшы жыйынтыктарды берет деген пикирде.

“Ачык асман” долбоору иштеп жатат. Депутат Абдывахап Нурбаев демилгелеп жаткан мыйзам долбоору аталган долбоордун бешинчи деңгээли. Бул долбоор ишке ашса, жакшы жыйынтыктарды берет. Кыргыз мамлекетине келген туристтердин, жүргүнчүлөрдүн саны көбөйөт. Кыргыздар Европага, башка мамлекеттерге түз учканга мүмкүнчүлүк алат деген үмүт менен мыйзам долбоору киргизилип жатат”, - деди Эргешов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Рыскелди Момбеков, Таабалды Тиллаев, Тазабек Икрамов, “Эйр Манас” авиакомпаниясынын директорунун орун басары Данияр Арынов жана Транспорт жана жолдор министрлигинин авиация жана суу транспорт бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратовдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан